2020-жылы согуштан улам 380 миң ооган жер которгон

2020-жылы Ооганстанда АКШ баштаган согуштун кесепетинен 380 миң адам жер которууга аргасыз болгон.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча бюросу (OCHA) качкындардын көпчүлүгү балдар жана коопсуздугу жок Кундуз, Кандагар, Нангархар, Кунар жана Гильменд провинцияларынын тургундары экенин билдирди.
АКШ 2001-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан согуш Ооганстандын бардык 34 провинцияларында өкмөттүк күчтөр менен Талибан жана террордук топтордун ортосунда уланып келе жатат жана америкалык аткаминерлер ушул согуштун сазына батышты. Учурда АКШ өзүн саздан куткарыш үчүн өлкө элин убактылуу өкмөттүн планын түзүүгө түртүүдө жана тынчтык жараянын токтотуп, бул өлкөдө согушту жана адам өлтүрүүнү күчөтүшүүдө.

Комментарий жиберүү