ДССУ: коронавирус антителолорго карабастан жугушу мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамда антителолор болгонуна карабастан коронавирусту кайрадан жуктуруп алуу мүмкүн экенин билдирди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, ДССУнун окумуштуусу Сумия Сваминатан жума күнү брифингдерде: “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска антителолор болгонуна карабастан, COVID-19дун жаңы түрлөрү менен кайрадан ооруп калуу мүмкүн экени боюнча маалыматка ээ”, – деди.
“Учурда бизге вирустун жаңы түрү кайрадан жуккандыгы жөнүндө билдирүүлөр келип түшүүдө жана Түштүк Африка Республикасынан келген маалыматтарга караганда, буга чейин коронавирустан айыккан адамдар кайрадан жуктуруп алышы мүмкүн”, – деп баса белгиледи Сумия Сваминатан.
Анын айтуусуна караганда, учурда буга чейин COVID-19 менен ооруган адамдардын вируска каршы иммунитетинин деңгээли боюнча изилдөөлөр жүрүп жатат. Ал эми эмдөө вирустун ылдамдыгын төмөндөтүп, вакцина алгандан кийин коронавирус жуктуруп алуу ыктымалдыгы дагы азаяры тууралуу алдын ала далилдер бар.

Комментарий жиберүү