Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктай башташты

Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктай башташты

Нидерландыда 1-февралдан баштап COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктоочу экспресс-тесттер колдонула баштады. Анын жыйынтыгын бир нече мүнөттөн кийин билүүгө болот. Бул тууралуу “Slovoidilo” аналитикалык порталы “NOS” басылмасына шилтеме берип жазды. Маалыматта белгилегендей, Амстердамда 1-февралдан баштап күнүнө 600гө жакын тест жүргүзүү мүмкүн болот. Жакынкы апталарда бул көрсөткүч 2500гө жетет деп пландалууда. Басылманын маалыматына караганда, жакынкы айларда мындай экспресс-тесттер башка шаарлардын жашоочулары үчүн дагы жеткиликтүү болот.

Прочитайте больше

Елизавета II Садыр Жапаровду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады

Елизавета II Садыр Жапаровду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады

Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. «Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалаймын жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштар мындан ары дагы өнүгүп, бекемделе берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Прочитайте больше

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Сионист режими шаршемби күнү кечинде Сириянын түштүгүнө абадан сокку урду. «Tasnim News» агенттиги “SANA” агенттигине шилтеме берип, шаршемби күнү кечинде Израилдин согуштук учактары Сириянын түштүгүндөгү Эль-Кунейтра провинциясына кол салышканын билдирди.“SANA” агенттиги Сирия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түштүк аймагына атылган ракеталарды жерге түшөөрдөн мурун бутага алганга жетишкенин маалымдады.Сириянн айрым маалымат булактары Дамаск эл аралык аэропортунун чет жакалары жана Голан бийиктиктеринин өлкөгө тиешелүү бөлүгү Израиль армиясынын аба соккусундагы негизги буталары болгонун кабарлашты.Сириянын аскердик маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык,…

Прочитайте больше

Мьянмадагы төңкөрүш/Мурунку мамлекет башчылары соттолушат

Мьянмадагы төңкөрүш/Мурунку мамлекет башчылары соттолушат

Мьянмадагы төңкөрүштөн кийин өлкөнүн өкмөт башчысына жана президентине ар кандай айыптоолор тагылды. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Мьянманын өкмөт башчысы Аун Сан Су Чжи менен президент Вин Мьинге ар кандай айыптоолор коюлду жана соттолуу алдында турушат.Кечээ, шаршемби күнү Су Чжи жетектеген “Демократия үчүн Улуттук партиянын” басма сөз катчысы Мьянма соту өкмөт башчыга экспорттук жана импорттук мыйзамдарды бузган деп айып койгонун билдирди.Ошондой эле, өлкө президенти Вин Мьинге каршы дагы иш козголгон. Ал табигый кырсыктарды башкаруу мыйзамын бузду деп айыпталууда.Дүйшөмбү күнү, Мьянманын…

Прочитайте больше

Орусия ТИМи Батышка эскертүү берди

Орусия ТИМи Батышка эскертүү берди

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын сотуна чет элдик дипломаттардын катышуусуна Россия жооп кайтарды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Батыш өлкөлөрүнө эскертүү берди.Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Алексей Навальныйды тезинен бошотуу боюнча Батыштын талаптарын сындаган Орусия ТИМнин өкүлү, көз карандысыз жана эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүнүн кажети жок экенин билдирди.“Биз бир нече жумадан бери бул кол салууларга жана билдирүүлөргө комментарий берип, реакция кылып жатабыз”, – деди Мария Захарова РБКга берген маегинде.“Биз бардык, Батыш өлкөлөрүнө өз көйгөйлөрүн чечүүгө кеңеш беребиз. Бул өлкөлөрдө көйгөйлөр…

Прочитайте больше