Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктай башташты

Нидерландыда 1-февралдан баштап COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктоочу экспресс-тесттер колдонула баштады.

Анын жыйынтыгын бир нече мүнөттөн кийин билүүгө болот.

Бул тууралуу “Slovoidilo” аналитикалык порталы “NOS” басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматта белгилегендей, Амстердамда 1-февралдан баштап күнүнө 600гө жакын тест жүргүзүү мүмкүн болот. Жакынкы апталарда бул көрсөткүч 2500гө жетет деп пландалууда. Басылманын маалыматына караганда, жакынкы айларда мындай экспресс-тесттер башка шаарлардын жашоочулары үчүн дагы жеткиликтүү болот.

Комментарий жиберүү