Мьянмадагы төңкөрүш/Мурунку мамлекет башчылары соттолушат

Мьянмадагы төңкөрүштөн кийин өлкөнүн өкмөт башчысына жана президентине ар кандай айыптоолор тагылды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Мьянманын өкмөт башчысы Аун Сан Су Чжи менен президент Вин Мьинге ар кандай айыптоолор коюлду жана соттолуу алдында турушат.
Кечээ, шаршемби күнү Су Чжи жетектеген “Демократия үчүн Улуттук партиянын” басма сөз катчысы Мьянма соту өкмөт башчыга экспорттук жана импорттук мыйзамдарды бузган деп айып койгонун билдирди.
Ошондой эле, өлкө президенти Вин Мьинге каршы дагы иш козголгон. Ал табигый кырсыктарды башкаруу мыйзамын бузду деп айыпталууда.
Дүйшөмбү күнү, Мьянманын башкаруучу партиясынын лидери жана башка мүчөлөрү кармалганы тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин өлкө армиясы бийлик бир жыл бою алардын колунда болорун билдирген.
Мьянма армиясы өлкөдө согуш абалын жарыялап, бийлик өлкө армиясынын башкы командири Мин Аунг Хлаингге бир жылга өткөрүлүп берилгенин жарыялады.

Комментарий жиберүү