Израиль Сирияга абадан сокку урду

Сионист режими шаршемби күнү кечинде Сириянын түштүгүнө абадан сокку урду.

«Tasnim News» агенттиги “SANA” агенттигине шилтеме берип, шаршемби күнү кечинде Израилдин согуштук учактары Сириянын түштүгүндөгү Эль-Кунейтра провинциясына кол салышканын билдирди.
“SANA” агенттиги Сирия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түштүк аймагына атылган ракеталарды жерге түшөөрдөн мурун бутага алганга жетишкенин маалымдады.
Сириянн айрым маалымат булактары Дамаск эл аралык аэропортунун чет жакалары жана Голан бийиктиктеринин өлкөгө тиешелүү бөлүгү Израиль армиясынын аба соккусундагы негизги буталары болгонун кабарлашты.
Сириянын аскердик маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык, абадан жасалган чабуул Дамасктын убактысы боюнча 22:42де оккупацияланган Голандан жасалган.
Маалыматтарга караганда, Сириянын түштүгүнө абадан жасалган чабуулда сионисттик режим бир нече ракеталарды аткан жана алардын көпчүлүгү Сирия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Чабуулдарда адам өмүрүнө зыян болгон эмес. Бирок, материалдык чыгым алып келген.

Комментарий жиберүү