Орусия ТИМи Батышка эскертүү берди

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын сотуна чет элдик дипломаттардын катышуусуна Россия жооп кайтарды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Батыш өлкөлөрүнө эскертүү берди.
Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Алексей Навальныйды тезинен бошотуу боюнча Батыштын талаптарын сындаган Орусия ТИМнин өкүлү, көз карандысыз жана эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүнүн кажети жок экенин билдирди.
“Биз бир нече жумадан бери бул кол салууларга жана билдирүүлөргө комментарий берип, реакция кылып жатабыз”, – деди Мария Захарова РБКга берген маегинде.
“Биз бардык, Батыш өлкөлөрүнө өз көйгөйлөрүн чечүүгө кеңеш беребиз. Бул өлкөлөрдө көйгөйлөр жетиштүү, андыктан чечилиши керек болгон көптөгөн маселелер бар”,- деп кошумчалады ал.
Эске салсак, Навальныйдын сот отурумуна ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтеринин 15тен ашуун кызматкерлери катышкан.
Захарованын айтымында, Навальныйдын сотуна  чет элдик дипломаттардын келиши жана Москванын ички ишине кийлигишүүсү Батыштын Орусияны ооздуктоо аракеттери катары бааланууда.
Навальныйдын тарапкерлери ошондой эле соттун чечимине каршы Москва жана Санкт-Петербург шаарларында уруксатсыз нааразычылык митингин өткөрүшүүдө. Митингден кийин, Орусиянын полиция күчтөрү бир катар демонстранттарды камакка алышты.

Комментарий жиберүү