Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Рамазан айы – бир гана тамак-аш, суусундуктан баш тартуу эмес, а бардык тыюу салынган иш-аракеттерден арылуу. Адамдар тарабынан көп жасала турчу күнөөлөрдүн бири – ушак айтуу (гыйбат). Аллах бул жаман адатты каза болгон бир тууганынын этин жеген иш-аракет менен салыштырган. А эмнеге дал ушундай салыштыруу болду экен? Себеби, ушакталып жаткан адам өзүн-өзү жаман сөздөрдөн коргой албагандыктан, ал өлгөн адамга салыштырылат. Дайыма бирөөнүн артынан сүйлөө адатка айланып кетүүсү мүмкүн.%article_title%

Биз сиздерге бул нерсени алдын алуунун бир топ ыкмаларын сунуштайбыз.“Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди артыңардан тилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганын этин жешти жакшы көрсүн? Силер аны жактырбайсыңар! Аллахтан корккула. Чындыгында, Аллах – тооболорду Кабыл кылуучу, Боорукер (Куран 49: 12)”.

1) Жакында эле жолдошум экөөбүздүн маегибизде ал мага Лев Толстойдун мындай бир сөзүн айтып калды: “Акылмандар – идеяларды, эстүүлөр – окуяларды, а эси жок адамдар – элдерди талкуулашат”.

Эми мен ар дайым тилим кычышканда ичимден “Менин ушунчалык эсим жокбу? Мен элдерди талкууламак белем?” деп, андан көрө жакшы идеялар, ойлорду талкуулоого аракет кылам.

2) Cөздөрүңүздү 3 электен өткөрүңүз.

Сократка келген кишинин окуясын эстеңиз. Ал киши Сократтын досу Сократ тууралуу кандай ойдо экенин айтуу үчүн келген. Сократ аны угуудан мурун ал кишиге айта турчу сөздөрүнүн 3 электен өткөрүүсүнө кеңеш берет. 1- чындык элеги: айта турган сөзүңдүн чындык экенине кепилдик бере аласыңбы? 2-жакшылык элеги – сиз ал адам тууралуу жакшы нерселерди айтасызбы? 3 – пайда элеги- сиздин айткандарыңызды угуп жаткан адам уккандарынан пайда алабы?

3) Сиздин ал адам тууралуу айта турган сөздөрүңүздү ошол адамдын өзү угуусун каалар белеңиз?

Биз эч качан жалгыз эмес экенибизди эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Аллах ар дайым жана бардык жерде биз менен чогуу. Андан кыпындай да күнөө жашырылып калбайт. Бирөө тууралуу ушак айтардан мурун Аллах ушул убакта сизди көрүп, угуп жатканын эсиңизге түшүрүңүз. Себеби Аллах бизге күрөө тамырыбыздан да жакын.

4) Эгерде сиз кайсы бир адамдар талкууланган компанияга туш болсоңуз, ошол адам тууралуу жакшы сөз сүйлөөгө аракеттениңиз.

Эгер андай кыла албасаңыз, анда талкуунун темасын өзгөрткөнгө аракет кылыңыз. Эгерде сиздин аракеттериңиз жемиштүү болбосо, анда ал жактан жөн гана кетип калыңыз.

5) Кээде биз айрым адамдарга байланыштуу ойлорубузду бөлүшкүбүз келген учурлар болот.

Ал ойлоруңузду кагаз бетине, же ноутбукка жазып, эмоцияларыңызды ушундай жол менен чыгарып алсаңыз болот.

6) Сурак күнүн эстеңиз.

Кыямат күнү жакшы иштерди жасап, бирок ушак сүйлөгөн кишилердин жакшы иштери алынып, ушакталган адамдарга берилет. Ал эми ал адамдын жакшы иштери түгөнүп калганда, ушакталган адамдардын күнөөлөрү алынып, ушактаган кишиге жазылат. Бул күндө адамдар жакшы иштерге ушунчалык муктаж болушат. Жакшы иштериңизди таратып бере салгандай сизде сооп иштериңиз ошончолук эле көпбү? Муну ойлонуп көрүңүз.

7) Сиз таарынып жүргөн адам менен сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз.

Сиз эмне үчүн кайсы бир адамдын аркасынан жаман сүйлөгүңүз, башкалардын алдында аны талкууга салгыңыз келип жатат? Маселе эмнеде? Ушуну талдап көрүңүз. Жакшысы, ошол кишинин өзү менен сүйлөшкөнүңүз оң.

8) Аллахтын алдында эң сүйүктүү пенде өзүнүн бир тууганынын намысын коргогон, башкалардын көзүнчө аны уят кылбаган адам экенин унутпаңыз.

Хадистердин биринде “Мусулман адам бир тууганынын намысын коргосо, Аллах кыямат күнү ал адамды тозок отунан сактайт” деген хадис бар. Аллахтан жакшы Коргоочу жок.

Комментарий жиберүү