Жапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары сүрөттөрдө

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Орусия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду.

Жапаров иш сапарын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле мамлекет башчысы Москва шаарында мекендештер жана Орусия жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Мындан тышкары, ал Татарстандын Президенти Рустам Минниханов, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле Орусиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктады.

Комментарий жиберүү