Ирандын Батышында террорчулук ооздукталды

Ирандын Чалгындоо министрлиги Пираншехр шаарында террорчулук ооздукталып, эки террорчу жок кылынганын маалымдады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “ISNA” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Өлкөнүн Чалгындоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү Батыш Азербайжан чалгындоо агенттиги жана Хамза сейед аль-Шухада базасы менен кызматташтыкта Курдистан аймагындагы террордук уюмдар менен байланышы бар Пираншехрда террордук чабуулдарды жасоону көздөгөн куралчан эки террорчу куралдуу кагылышууда жок кылынганын маалымдады. Жок кылынган террорчулардан “Калашников” үлгүсүндөгү эки автомат, граната жана ок-дарылар алынды.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-февраль эртең менен Тегерандын полициясынын башчысы Хоссейн Рахими саботаж жасоону көздөгөн куралчан, жардыргыч куру бар, жарылуучу заттар менен куралданган адам колго түшүрүлгөнүн маалымдаган. Пираншехр – Ирандын Батышында жана Батыш Азербайжан провинциясынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан күрттөр отурукташкан шаар.

Комментарий жиберүү