Сеул санкциялардын кесепети Түндүк Кореяда гуманитардык катастрофаг аалып келерин эскертти

Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен биригүү боюнча министри Пхеньянга каршы санкциялар кайра каралбаса, өлкөдө олуттуу гуманитардык кризис болушу мүмкүн экенин эскертти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, жума күнү Түштүк Кореянын биримдик министри Ли Ин Ён Түндүк Кореяга каршы жарыяланган эл аралык санкциялардын таасири жөнүндө эскертүү жасады.
Ал “Financial Times” гезитине берген маегинде, Түндүк Кореяга каршы жарыяланган санкцияларды кайра карап чыгууну суранып, бул санкциялар өлкөдө олуттуу гуманитардык кризисти жаратышы мүмкүндүгүн билдирди.
“Түндүк Кореяга каршы катаал санкциялар беш жылдан бери киргизилип келе жатат, андыктан эми “санкциялар Түндүк Кореянын өзөктүк куралсыздандыруу жараянынын ийгилигине оң салымын коштубу же жокпу” жообун көрө турган учур келди”, – деди Ли Ин Ён.
Түндүк коңшусуна каршы санкциялар менен киргизилген оор жашоо шарттарына токтолгон Түштүк Кореянын министри: “Биз Түндүк Кореяны тыкыр көзөмөлдөп жатабыз жана ал жакта гуманитардык кризис болуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатабыз”, – деди.
«ir.Sputnik News» агенттиги билдиргендей, катуу бороон, катаал кыш, COVID-19 вирусунун чыгышы жана эпидемиядан улам чек аралардын жабылышы сыяктуу табигый кырсыктар менен коштолгон санкциялардын натыйжасында Түндүк Корея бир катар көйгөйлөргө, анын ичинде медициналык жабдыктардын жана дары-дармектердин  жетишсиздиги, азык-түлүк коопсуздугунун начардыгы жана башка экономикалык кыйынчылыктарга туш болду.
Түштүк Кореянын министри эл аралык коомчулук “Корея ичиндеги мамилелердин уникалдуу мүнөзүн” түшүнүп, “Корея ичиндеги кызматташтыкка жана долбоорлорго көбүрөөк колдоо көрсөтөт”,- деп үмүт артарын билдирди.
Ал ошондой эле Түндүк Кореяга каршы колдонулуп жаткан санкцияларды ар тараптуу карап чыгып, анын элдеринин жашоосуна тийгизген терс таасирлерин аныктап, аларды азайтуунун ийкемдүү жолдорун табууга чакырды.

Комментарий жиберүү