Дагы 730 миң америкалык жумушсуз калды

АКШнын Эмгек кеңсесинин жаңы отчетунда бир аптанын ичинде дагы 730 миң америкалык жумушсуздукту колдоо боюнча борборго кайрылгандыгы көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги Financial Times маалыматына шилтеме берип билдирди.
АКШнын Эмгек министрлигинин жаңы отчетунда дагы 730 миң америкалык ушул жумада биринчи жолу жумушсуздукту колдоо өтүнүчү менен кайрылгандыгы көрсөтүлдү.
“Доу Джонс” сурамжылоосуна катышкан экономисттер ушул жумада 838 миң адам жумушсуз калат деп божомолдошкон.
 Берилген маалыматтарга караштуу, АКШнын камсыздандыруусунан пайдаланышкан жумушсуздардын саны өткөн жумага салыштырмалуу азайган.
Ал эми АКШнын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, эки жума мурун 841 миң адам жумушсуз калган.
Ушул жумада жаңы жумушсуздардын саны АКШнын тарыхындагы пандемияга чейин катталган эң жогорку жумалык жумушсуздук көрсөткүчүнөн дагы жогору болсо дагы, акыркы 12 жуманын ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.
 Бул тенденция АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күн сайын азайганына байланыштуу, өлкөдөгү эмгек рыногундагы кысымдар да азайып бараткандыгын көрсөтүп турат.

Комментарий жиберүү