Орусиянын долларга жана еврого көз карандылыгы азайды

Орусия валюта түзүмүн өзгөртүү менен Улуттук жыргалчылык фондунун долларга жана еврого көз карандылыгын азайтты.

Бул тууралуу Орусиянын Каржы министрлиги билдиргенин «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Минстрлик жарыялаган маалыматта “Улуттук жыргалчылык фондунун валюта түзүмүнүн жобосуна 5 пайыз үлүш менен япон йени жана 15 пайыз үлүш менен кытай юаны киргизилди”, – деп билдирди.
Орусиянын Улуттук жыргалчылык фондунун түзүмүндөгү доллар жана евро активдеринин үлүшү 45 пайыздан 35 пайызга чейин, фунт стерлинг мурдагы он пайызда туруктуу бойдон калган.
Өлкөнүн Улуттук жыргалчылык фондунун ликвиддүүлүк портфели февраль айынын башына карата 116,4 миллиард долларга бааланган.
Экономисттер жана чиновниктер жаңы санкцияларга байланыштуу кооптонуудан улам, АКШнын Федералдык резервдик системасындагы Орусиянын активдеринин тоңдурулушу мүмкүн болгондуктан, бир нече жолу эл аралык векселдердин долларга көз карандылыгын азайтууга, ошондой эле алардын эл аралык камдардагы үлүшүн азайтууга чакырык ташташты.

Комментарий жиберүү