Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Газа боюнча кезексиз саммити: эң маанилүү билдирүүлөр

Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Газа боюнча кезексиз саммити: эң маанилүү билдирүүлөр

11-ноябрда Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) жана Араб Мамлекеттер Лигасына мүчө араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотуу боюнча жалпы позицияны иштеп чыгуу максатында эки кезексиз саммит болуп өттү. Жалпы жыйынга Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Түркиянын президенти Режеп Тейип Эрдоган жана Сириянын президенти Башар Асад, Палестинанын лидери Махмуд Аббас келишти. Саммиттер Газа тилкесиндеги курч кырдаалдын фонунда өткөрүлдү. Бир айдан ашык убакыттан бери Израилдин күн сайын бомбалоосунан блокадада калган…

Прочитайте больше

Рахмон Эр-Риядда Газа тилкеси боюнча билдирүү жасады

Рахмон Эр-Риядда Газа тилкеси боюнча билдирүү жасады

Тажикстан 1967-жылы аныкталган чек аралары менен, баш калаасы Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Палестина мамлекетин түзүүнү колдойт. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон 11-ноябрда Эр-Риядда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде билдирди. Анын айтымында, Палестин мамлекетин түзүү – палестин эли эл аралык мамилелердин принциптеринин негизинде жана дүйнөлүк коомчулуктун өз алдынча субъектиси катары өзүнүн улуттук укуктарын ишке ашыра ала турган жалгыз жол болуп эсептелет. «Биздин өлкө жана дүйнө коомчулугу Палестинанын бул бөлүгүндөгү кризистик кырдаалга катуу тынчсызданууда. Тажикстан миңдеген жай…

Прочитайте больше

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров ааламдагы эң мыкты 10 карынын катарына кирди

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров ааламдагы эң мыкты 10 карынын катарына кирди

Кыргызстандык белгилүү хафиз Мухаммадали Умаров ушул жылдын 4-12 ноябры Катардын Доха шаарында өткөн “Ауаль Аль-Ауаиль” (Биринчилердин биринчиси) аталышындагы дүйнөлүк Куран жарышта мыкты 10 карынын катарын толуктады. Бул тууралуу “Умма” ислам журналы жазды. Куран жарышка дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн мыкты карылар чакырылган. Конкурстун шарттарына ылайык, катышуучулар Курандын сүрөөлөрүн жатка окуп берүү менен бирге Куран аяттарынын маанилерин (тафсирин) чечмелеп берүү боюнча ат салышкан. Мухаммадали калыстар тобунун бардык суроолоруна мыкты деңгээлде жооп берип, эң жакшы көрсөткүчтү багындыра алган….

Прочитайте больше