АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өлкөдө президенттик шайлоого чейинки беш айдын аралыгында үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанып кетиши мүмкүн экендигин билдирди. Анын сөзүн Россиянын РИА Новости агенттиги маалымдады. Миннесота штатындагы тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып Трамп азыркы куралдардын күчү жүрөгүңдү түшүрөрүн белгиледи. Ал ноябрь айына белгиленген президенттик шайлоого чейин үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн экендигин жокко чыгарган жок. Саясатчы өлкөдө «бул акылы жок адамдын айынан беш коркунучтуу ай тургандыгын» азыркы мамлекет башчы Жо Байденге ишарат кылып кошумчалады. Ошол эле шайлоочулар менен…
Прочитайте большеDay: May 18, 2024
Бишкекте Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келген мигранттарды текшерүү талабы айтылууда
Акыркы учурда Кыргызстанга Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келип, иштеп жаткан мигранттардын көбөйүп жатышы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратууда. Бүгүнкү күндө чет элдик мигранттарды Бишкек шаарынын аймагындагы тигүү цехтеринде, жеткирүү кызматтарында жана курулуштарда иштеп жатышканын көп жолуктурууга болот. Коомчулукта эмгек мигранттарынын саламаттыгын текшерүү керектиги да айтылууда. Соцтармактардын колдонуучуларынын бири, журналист Элнура Кулуева да “Пакистандан келип, окуп жаткан студенттердин, жумушчулардын баарын флюорографиядан өткөргүлө. Туберкулез менен ооругандар көп. Алардын канын да текшергиле”,- деп кайрылган. Азыркы тапта ИИМ ар кайсы тармактарда иштеген…
Прочитайте больше