Түндүк Корея чек ара аркылуу Түштүк Кореянын аймагына 150дөн ашык аба шарларын учурду. Ал эми шарлар менен кошо ар кандай таштандылар – пластикалык бөтөлкөлөр, батарейкалар, бут кийимдин деталдары жана ал тургай көң болгон. Бул тууралуу түштүк кореялык «Yonhap» агенттиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Штаб начальниктеринин биргелешкен комитетине шилтеме берип билдирди. Аскерлердин маалыматына ылайык, шарларды кечээ, 28-майда кечинде учура башташкан. Чек арадан өткөндөн кийин шарлар өлкөнүн Түштүк Кёнсан түштүк-чыгыш провинциясына чейин жетип, өлкөнүн ар кайсы жайларына түшкөн….
Прочитайте большеDay: May 29, 2024
Израилдин ракетасына жазуу калтырган Никки Хейли сынга кабылды
АКШнын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли израилдик снарядка жазуу калтырганы үчүн социалдык тармактарда сынга кабылды, деп жазат Newsweek. Ал ушул жумада Израилдин түштүк конуштарына барып, израилдик армияга колдоо көрсөтүү максатында снаряддын бетине жазуу калтырган. Саясатчы снаряддын бетине “Аларды жок кылгыла! (finish them) Америка (сүйүүнүн символу катары жүрөктүн сүрөтү) Израиль. Түбөлүккө” деп жазган. Анын сүрөттөрүн Израилдин Кнессетинин (парламент) Ликуд партиясынын депутаты Дани Данон X социалдык тармагына жайгаштырган. «Израилдин артиллериялык снаряддарындагы (Хейлинин – ред.) төрт сөздөн турган жазуусу…
Прочитайте большеШойгу: Россия менен Иран кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде улантат
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен телефон аркылуу сүйлөштү, анда ал Иран менен Россия кызматташууну эң жогорку деңгээлде уланта турганын баса белгиледи. Бул тууралуу IRIB агенттиги жазды. “(Ирандын – ред.) Улуттук коопсуздуктун Жогорку кеңешинин катчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сергей Шойгу эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактарда жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты улантууга басым жасады”, — деп айтылат агенттиктин расмий Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө. Шойгу ошондой эле 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында…
Прочитайте большеБоррель Ирандын убактылуу ТИМ башчысына көңүл айтты
Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кяниге муркум президент Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиандын жана башка делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болушуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кяни тик учак кырсыгында каза тапкан Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын ордуна милдетин аткаруучу болуп дайындалган. «Президент Ибрахим Раиси мырзанын жана Тышкы иштер министри доктор Хосейн Амир Абдоллахиандын жана башка расмий адамдардын…
Прочитайте большеПутин Талибан менен мамиле куруу зарылдыгын айтты
Ооганстанда көйгөйлөр бар, бирок өлкөдөгү бийликте турган “Талибан” кыймылы менен мамиле түзүү зарыл, деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда. «Ооганстанда көйгөйлөр бар, алар талашсыз, ал баарына жакшы билгилүү. Азыркы бийлик менен кандай мамиле түзөбүз деген суроо башка маселе. Бирок биз аны кандайдыр бир жол менен курушубуз керек, алар өлкөнү башкарып, өлкөнүн аймагын көзөмөлдөп жаткан адамдар да. Алар бүгүнкү күндө Ооганстандагы бийлик», – деп билдирген анын сөзүн…
Прочитайте больше