Папуа-Жаңы Гвинеянын бийлиги 24-майда болгон жер көчкү “2000ден ашык адамды тирүүлөй көмүп калды” деп эсептейт. Өлкө тарыхындагы эң ири табигый кырсык Энга провинциясындагы Ямбали айылында болду. Бул тууралуу Associated Press жана Reuters БУУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча Улуттук борборунун катына шилтеме берип билдирди. Бул маалыматтар БУУнун 26-майдагы маалыматынан үч эсе көп, анда 670 адам каза болгондугу маалымдалган. БУУнун баалоосу Энга провинциясынын Ямбали кыштагынын бийлигинин маалыматына негизделгенө, алар алгач 60, андан кийин 150дөн ашык үй көчкү астында…
Прочитайте большеMonth: May 2024
Нидерланд Израилди Эл аралык соттун талаптарын аткарууга чакырды
Нидерланд Израилди эл аралык соттун чечимин тез арада аткарууга жана Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы аскердик операцияны токтотууга чакырат, деп жазды Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте X социалдык тармагындагы баракчасына. Өткөн жума күнү БУУнун Эл аралык соту Израилди Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы Рафах шаарындагы аскерий операциясын токтотууга милдеттендирген. Ага ылайык, жөөт мамлекети Рафахтагы аскерий чабуулун токтоосуз токтотуп, палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн “Рафах” өткөрмө пунктун ачык кармоосу керек. Мындан тышкары, Израиль геноцид жөнүндөгү билдирүүлөрдү…
Прочитайте большеСауд Аравия 13 жылдан бери биринчи жолу Сирияга элчи дайындады
Сауд Аравия Сирияга элчи дайындаганын саудиялык расмий кабар агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, жаңы элчи Фейсал Аль-Муджфель болот. Сауд Аравия 2011-жылы Сирияда согуш башталганда бул өлкө менен дипломатиялык мамилесин үзүп, Дамасктагы дипөкүлчүлүгүн жаап салган. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер былтыртан баштап жылый баштаган. 23-мартта Сирия менен Сауд Аравия 2012-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндө жабылган элчиликтерин кайра ачууга макул болгону белгилүү болгон. 12-апрелде Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Микдад саудиялык кесиптеши Фейсал бин Фархан менен жолугушуу үчүн Сауд Арабияга учуп барган….
Прочитайте большеИзраилдин Рафахтагы чатыр лагерине жасаган соккусунда кеминде 40 киши набыт болду
Израилдин аба күчтөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы чатыр лагерине жасаган соккусунан кеминде 40 киши өлүп, ондогон киши жарадар болду. Бул тууралуу Палестинанын жарандык коргонуу кызматы тараткан билдирүүдө айтылганын WAFA маалымат агенттиги жазды. “Израилдин соккуларынан 40ка жакын адам каза болуп, ондогон адам жарадар болду, алардын көбү балдар жана аялдар. Бул жерден 100 миңдей адам баш калкалоочу жай тапкан”,- деп айтылат билдирүүдө. Палестинанын президентинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейна Израиль армиясынын Рафах шаарындагы жер которгондордун…
Прочитайте большеЙемендин премьер-министри: Иран Палестина элине колдоо көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт
Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн премьер-министри Абдул Азиз бин Салех Хабтур Иран Ислам Республикасынын Палестинанын элине колдоо көрсөтүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Сана “каршылык огуна” мүчө болуу менен сыймыктанат деп билдирди. Йемендин премьер-министри Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиандын каза болгондугуна байланыштуу Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеиге көңүл айтып, иран элине тилектештик билдирди. Ал Ирандагы оор жоготууга байланыштуу 22-майда Йемендин улуттук майрамы — Йемен Республикасынын жарыяланган күнүн (Йемендин биримдик күнү) белгилөө жылдырылганын билдирди. Ал…
Прочитайте большеБишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдары ишкерликти талкуулашты
Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында “Борбор Азиянын экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүү үчүн лидерлик» темасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйыны өттү. Иш чарага Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межилисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова келишти. Ал эми Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган делегация онлайн режимде катышты. Жогорку Кеңешинин…
Прочитайте большеПалестинанын көз карандысыздыгын кайсы мамлекеттер тааныды?
22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааныганын жарыялашты. Чечим 28-майда күчүнө кирет. 2024-жылдын 22-майына карата Палестинанын мамлекеттүүлүгүн БУУнун 193 мүчөсүнүн 146сы тааныды. Палестина бийлигинин өкүлдөрү Дублин, Мадрид жана Ослонун кадамын жылуу кубатташты, ал эми Израиль бийликтери европалыктарды жөөт мамлекетинин эгемендигине шек келтирди деп айыптады. Палестинанын көз карандысыздыгын тааныган мамлекеттердин картасы Палестинанын эгемендүүлүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү – Россия менен Кытай да тааныган, бирок “Чоң жетилик” мамлекеттеринин бири да тизмеде жок. Бүгүнкү күнгө…
Прочитайте большеТегеранда Иран президенти Раиси менен коштошууга 15 миллионго жакын адам келди
22-майда Ирандын борбору Тегеранда авиакырсыктан каза тапкан президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегация мүчөлөрү менен коштошуу зыйнатына 15 миллионго жакын адам чогулду. Тегерандын калкы дээрлик 13 миллион адамды түзөт. Маркумдарды акыркы сапарга узатууга борбор калаага башка жакынкы шаарлардан да жарандар келишкен. Видеоплеер 00:00 00:44 Аза күтүү иш-чаралары өлкө боюнча бардык шаарларда өткөрүлүп жатат. Маркумдардын сөөгү алгач Тебриз жана Кум шаарларына алып барылды. Ал жерлердеги тажияга жүз миңдеген адамдар чогулду….
Прочитайте большеБУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту
БУУ коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги “X” социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет. БУУнун билдирүүсүнө караганда, 6-майдан бери Рафахтан 900 миңдей киши чыгып кетти. Алар Газадагы “Аль-Мавази” лагерине жайгашты. Бул жерди Израил армиясы “гуманитардык…
Прочитайте большеИран президенти Раисинин тажиясына 70ке жакын өлкөнүн делегациялары келди
Тегеранда авиакырсыктан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен коштошуу зыйнатына 70ке жакын өлкөдөн жогорку даражалуу чет элдик делегациялар катышууда. Тегеран университетинде өткөн коштошуу зыйнатында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи маркумдарга жаназаны өзү окуду. Ирандын борборуна коштошуу зыйнатына 68 чет өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келди. Кыргызстандан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. Видеоплеер 00:00 00:51…
Прочитайте большеПутин Раисинин өлүмүн чоң жоготуу деп атады
“Ирандын президенти Ибрахим Раисинин өлүмү чоң жоготуу, ал ишенимдүү өнөктөш жана сөзүнө турган адам болгон”, – деди Россиянын президенти Владимир Путин. Путин шейшемби күнү кечинде Иран президенти Ибрахим Раиси менен коштошуу аземине катышуу үчүн 23-майда эртең менен Иранга бара турган Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин менен жолугушту. Ал президент Раисинин өлүмү, албетте, биринчи кезекте Иран, иран эли үчүн чоң жоготуу экенин айтып, бул трагедияга байланыштуу Ирандын жетекчилигине көңүл айтууну суранды. “Чынында эле ал абдан ишенимдүү…
Прочитайте большеКыргызстан жана Пакистан министрлери Бишкектеги окуяны талкуулашты
Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер кабылган окуя бүгүн 21-майда Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен талкууланды. Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Кулубаев өлкөнүн укук тартибин коргоо органдары пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык тиешелүү чараларды көргөнүн, жогорку окуу жайларындагы ыктыяр топтор эки өлкөнүн жаштары ортосундагы достук мамилени бекемдөө боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп жатышканын айтты. Кулубаев 13-майдагы окуя боюнча дыкат…
Прочитайте большеКыргызстан Иранга көңүл айтууда
Иран президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ирандын Бишкектеги элчилигине барып, Кыргызстандын өкмөтүнүн жана элинин атынан иран элине көңүл айтты. Ал Кыргызстан калкы мындай оор учурлда иран эли менен бирге кайгырып жатканын, Раиси Иран эли үчүн көп иштерди жасаганын жана анын эмгеги чоң экенин белгиледи. Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби кечээ, 21-майда ачылган. Элчиликке Кыргызстандагы ар…
Прочитайте большеИран президент Ибрахим Раиси менен коштошуп жатат. Сүрөт
Ирандыктар авиакырсыктан каза тапкан өлкө президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегациянын мүчөлөрү менен коштошуп жатышат. Авиакырсык 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагында болгон. Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Аза күтүү…
Прочитайте большеЕвропанын үч өлкөсү Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныды
Ирландия, Норвегия жана Испаниянын бийликтери аймакта тынчтык орнотуу үчүн Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныганын жарыялашты. Алардын чечими 28-майда күчүнө кире турган болууда. Бул кадам “Израилдин, Палестинанын жана алардын элинин коопсуздугу үчүн бирден-бир туура чечим”,-деди Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис. Ал алдыда бул үч мамлекеттин чечимине дүйнөнүн башка өлкөлөрү да кошулат деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады. Палестинаны көз карандысыз мамлекет деп таануу тууралуу Испаниянын расмий билдирүүсү ушул шаршемби күнү болоору күтүлүүдө. Кийинки кезекте Словения менен Мальта болушу…
Прочитайте больше