Иран Конституциясынын сакчылар кеңеши алты жаранды президенттик шайлоого талапкер кылып бекитти. Шайлоо 28-июнга белгиленген. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкөнүн президенти Ибрахим Раисинин авиакырсыктан каза болушуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Ирандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Шайлоо штабынын өкүлү Мохсен Эслами алдыдагы шайлоого өткөн алты талапкерди атады. Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани; Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили; Межлистин (Иран парламентинин) спикери Мохаммад Багер Галибаф; Мурдагы прокурор Мустафа Пурмохаммади; Өлкөнүн вице-президенти Газизаде Хашеми; Парламенттин мүчөсү Масуд Пезешкян. Алты талапкер расмий каттоодон өткөн 80 кишинин ичинен тандалып…
Прочитайте большеMonth: June 2024
“D-8” жыйыны: Иран ислам өлкөлөрүн Израилге соода бойкотун жарыялоого чакырды
8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында “D-8” деп аталган өнүгүп келе жаткан сегиз ислам өлкөсүнүн тобу Газа боюнча кезексиз жыйын өткөрдү. “D-8” же Ислам сегиздиги 1997-жылы Стамбулда Түркиянын премьер-министри Нежметтин Эрбакандын (1996-1997) демилгеси менен түзүлгөн. Ага Индонезия, Иран, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Малайзия, Египет жана Нигерия кирет. Жыйында сөз сүйлөгөн Ирандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Али Багери израилдик оккупация толук жок кылынмайынча жана өзөктүк куралсыздандырылмайынча Батыш Азияда тынчтык, туруктуулук жана толук жана чыныгы коопсуздук орнобой турганын билдирди. Соңунда ал Палестина…
Прочитайте большеПесков: Германиянын Россия менен согуш тууралуу билдирүүлөрү – НАТО менен ЕБге жагыш үчүн жасаган аракети
Немис бийлигинин Россия менен согушка даярдык көрүү боюнча билдирүүлөрү – Брюссель менен Вашингтонго жагыш үчүн жасаган аракети. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маегинде билдирген, анын үзүндүсүн журналист Павел Зарубин Telegram каналына жарыялады. “Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суверендүүлүк менен өз алдынчалуулуктун таңкыстыгынан ар дайым чоң көйгөйлөргө туш болуп келди. Бул таңкыстыктан кийин Германиянын бийлиги албетте Брюсселге, “Вашингтондук парткомуна” жана НАТОдогу Столтенбергге да жагууга аракет жасайт”, – деген Песков. Ал буга байланыштуу немис бийликтери кантип бөлүнүп-жарылып…
Прочитайте большеЧет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандан мүлк сатып алуусуна жол берген мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 30-майда экинчи окууда колдогон. Ал эми бүгүн 10-июндагы чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жыйынында үчүнчү окуудан колдоду. Эми долбоор парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралып, колдоо таба турган болсо, бул мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап чет өлкөлүктөр Кыргызстандан мүлк сатып алса болот. Бул…
Прочитайте большеБишкектеги кинотеатрда Ирандын тасмалары акысыз көрсөтүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” (БЭКФ) өтөт. Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Анын алкагында, Иран киносунун жумалыгы да өтөт. “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборборунан маалымдашкандай, көрүүчүлөргө Ирандын төрт көркөм жана бир анимациялык тасмасы көрсөтүлөт. Алар «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик каттоо күбөлүктөрүн алышкан. Тасмалар Бродвей кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө Ирандын төмөнкүдөй тасмалары тартууланат:
Прочитайте большеКурман айт 16-июнда белгиленет
Мусулмандардын ыйык деп саналган Курман айт майрамы Кыргызстанда 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. “7-июнь жума күнү Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь ишемби күнү арапа, 16-июнь жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп айтылат билдирүүдө. Бул сапар Курман айт жекшемби күнгө туура келгендиктен, 17-июнь дүйшөмбү күнү өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет. Курман айт исламдагы улуу майрамдардын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Бул күнү курмандыктар чалынып,…
Прочитайте большеТүркия БРИКСке мүчө болууну каалайт
Түркия БРИКСке кирүүнү каалайт, бул маселе биримдиктин министрлеринин Нижний Новгород шаарындагы жыйынында талкууланат. Бул тууралуу Кытайда иш сапары менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди. “Албетте, биз БРИКСке мүчө болгубуз келет. Быйыл эмнеге жетише аларыбызды көрөбүз”, – деген министрдин сөзүн South China Morning Post (SCMP) гезити келтирди. Фидандын айтымында, айрым европалык мамлекеттер анын өлкөсүнүн Евробиримдикке киришине каршы, ошондуктан түрк бийлиги БРИКСти интеграция үчүн альтернативалуу аянтча катары карайт. “БРИКС кызматташуунун маанилүү платформасы катары кээ бир башка…
Прочитайте большеБалтика деңизинде НАТОнун эң ири Baltops 24 машыгуусу башталды
5-июнда Балтика деңизинде НАТОнун эң ири “Балтопс 24” деңиз машыгуусу башталды. Жалпысынан Түндүк Атлантика альянсына мүчө 20 өлкөдөн 50дөн ашык кеме, 80 учак жана тик учак, ошондой эле 9 миң аскер кызматкери катышууда деп билдирет Polsatnews агенттиги. Машыгуулар 20-июнга чейин уланат. «Деңизге чыккандан кийин кемелер тактикалык топторду түзүшөт. Аскер-деңиз авиациясы менен бирдикте абадан коргонууну камтыган операцияларды жүргүзүшөт; издөө, коштоо жана суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы күрөшүү; миналарды коргоо; согуштук кемелерди түздөн-түз деңизде камсыздоо; десанттык операциялар…
Прочитайте больше“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду
6-июнда Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) Кыргыз Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамов кол коюшту. Макулдашууга кол коюу аземинин алдында…
Прочитайте большеИслам өлкөлөрүнүн “D8” тобу Газа боюнча жыйынга чогулат
Жакынкы күндөрү “D8” деп аталган өнүгүп келе жаткан сегиз ислам өлкөсүнүн тобу кезексиз жыйын өткөрүп, Израилдин Газадагы согуш кылмыштарына каршы позициясын жарыялоо үчүн биргелешкен билдирүүнү жарыялаганы жатат. Бул Ислам Кызматташтык Уюмунун жана Араб Лигасынын бул маселе боюнча дипломатиялык аракеттерине таасир эте турган иш-аракет болот деп күтүлүүдө. “D8” тобунун Тышкы иштер министрлеринин алдыдагы жолугушуусу 8-июнда Стамбулда өтөт. “Анадолу” агенттиги белгилегендей, эл аралык маанилүү форумдардын бири болгон жана Түркиянын жетекчилигинде өткөрүлө турган бул жыйын, Израилдин курчоого алынган…
Прочитайте большеИндиядагы шайлоонун жыйынтыгы: Моди үчүнчү жолу катары менен өкмөт башчы болот
Индиянын премьер-министр Нарендра Модинин “Бхаратия Жаната” партиясы жетектеген Улуттук демократиялык альянс парламенттин төмөнкү палатасы болгон “Лок Сабхадагы” 543 орундун 293үн жеңип алды. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты. Индиянын “Элдик партиясы” 240 мандатка ээ болуп, биринчи келди, бирок көпчүлүк үчүн зарыл болгон 272 добушка жетпей калды. Эми Өкмөттү түзүү үчүн “Бхаратия Жаната” партиясы өзү жетектей турган Улуттук демократиялык альянстын колдоосуна муктаж болот. 2019-жылдагы мурдагы шайлоодо “Бхаратия Жаната” 303 орунга, Улуттук демократиялык альянс 352…
Прочитайте большеWSJ президент Байдендин абалынын начарлашынын белгилерин билдирди
АКШнын президенти Жо Байдендин абалы начарлап, анын мамлекеттик иштерге аралашуу деңгээли төмөндөп баратканын Wall Street Journal гезити мамлекет башчысына жакын 45тен ашык саясатчыга шилтеме кылып жазды. Байден январда конгресс лидерлери менен Украинаны каржылоо келишимин талкуулоо үчүн жолукканда, ал анда-санда ушунчалык акырын сүйлөп тургандыктан, жолугушуунун катышуучулары аны араң уга алышчу. Ал «айкын корутундуларды чыгаруу» үчүн калп маалыматтар жазылган баракчаларды окуп, көпкө тыныгууларды жасап, кээде көзүн көпкө жумуп койгондуктан, отургандар президент уктап калганбы деп таң калышчу. Февраль…
Прочитайте большеИран: Хомейнинин 1963-жылдагы тарыхый көтөрүлүшү
Иранда жыл сайын 3-4-июнь күндөрү Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын жылдыгы белгиленип, Хомейнинин 15-хордаддагы тарыхый көтөрүлүшүндө шейит кеткен адамдар эскерилет. 15-хордад (биздин жылнааме менен 4-июнь) Хомейнини тарыхый көтөрүлүшүнүн арты менен 15 жылдан кийин Ислам революциясы жеңишке жетип, Иран Ислам Республикасынын түзүлгөн. Хомейни бул улуу көтөрүлүштөн жыйырма алты жыл өткөн кийин, 1989-жылдын 3-июнунда, (14-хордад) дүйнөдөн кайткан. Хомейни мындан 61 жыл мурун дал ушул күнү Ирандын Кум шаарындагы “Фейзие” медресесинде элге кайрылып, шахтын жана…
Прочитайте большеРоссия, Кытай жана Иран Батышты Тегеран менен өзөктүк келишимди калыбына келтирүүгө чакырды
Москва, Тегеран жана Пекин Батыш өлкөлөрү өзөктүк келишимди калыбына келтирүүгө кадам таштай турган мезгил жеткенине ишенет, буга Россия, Кытай жана Иран даяр. Бул тууралуу үч өлкөнүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңешинин алтынчы жыйынынын күн тартибинин алкагында жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. «Кытай Эл Республикасы, Иран Ислам Республикасы жана Россия Федерациясы Батыш өлкөлөрү үчүн саясий эрк көрсөтүүгө, эскалациянын чексиз айлампасынан карманууга… жана өзөктүк келешимди калыбына келтирүү үчүн зарыл кадамды жасоого мезгил жеткенине ишенет….
Прочитайте большеКазакстан “Талибан” кыймылын “террордук уюмдардын тизмесинен” чыгарды
3-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн “Талибан” кыймылы өлкөнүн террордук уюмдар тизмесинен чыгарылганын билдирди. Акордодон билдиришкендей, президент Алматы шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, Ооганстандагы соңку кырдаалга токтолду жана бул өлкөдөгү талибдер режимин “узак мөөнөттүү фактор” деп атады. Токаевдин пикиринде, азыркы тапта Ооганстанды аймак аралык байланыштарга активдүү тартуу стратегиялык маселелердин бири болууда: «Казакстан «Талибан» режимин террордук тизмеден чыгарды. Буга азыркы…
Прочитайте больше