Европа Биримдиги (ЕБ) Грузиянын бул уюмга интеграция болуу процессин убактылуу токтотту. Евробиримдиктин бийликтери өлкөнүн өкмөтү менен кеминде кийинки парламенттик шайлоого чейин сүйлөшүүгө ниети жок. Алдыда бул маселенин келип чыгуу себептери жана анын кесепеттери тууралуу кеп кылабыз. Алгачкы кадам Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский расмий Тбилисинин Батышка каршы риторикасы менен Европага кошулуу каалоосу шайкеш келбей жатканын айтып, бул өлкөнүн уюмга кошулуу процесси тоңдурулганын жарыялады. Мындан тышкары, Грузия өлкөнүн коргонуусу үчүн бөлүнмөкчү болгон Европа тынчтык фондунан 30 миллион евродон…
Прочитайте большеDay: July 11, 2024
Азербайжан БРИКСке кошулуу ниетин билдирди
Азербайжан БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болууну каалайт, деп өлкөнүн Милли Межлисинин (парламент) төрагасы Сахиба Гафарова БРИКСтин X парламенттик форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. “Азербайжан тышкы саясатында диалогду, кызматташтыкты жана тилектештикти колдойт. Бул эки тараптуу мамилелерге жана эл аралык платформалардагы ишмердүүлүккө тиешелүү. Тактап айтканда, бул БРИКС менен кызматташууга да тиешелүү. Азербайжан БРИКСке кирүү каалоосун билдирди”, — деди азербайжан спикери. Анын айтымында, парламенттик деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүү бул максатка жетишүүгө өбөлгө түзөт. Милли Межлистин Төрагасы БРИКСтин парламенттик…
Прочитайте большеФранциядагы Олимпиада өткөрүүгө канча каражат кетет?
Франциядагы Олимпиада оюндарынын башталышына эки жумадан ашык убакыт калды. Апрель айында Франциянын президенти Эммануэль Макрон жергиликтүү телеканал аркылуу өлкөнүн өкмөтү мелдешке керектүү инфраструктураны курууга 2 миллиард евро мамлекеттик каражат жумшаганын айткан. — Турак-жай, кеңселер, спорттук инфраструктура. Бул эки миллиард буга чейин алты миллиард евродон ашык киреше алып келген. Биз эки миң ишкананы ишке киргизип, жумуш орундарын түздүк», – деди француз лидери. 2024-жылкы Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндардын расмий бюджети 8,8 миллиард еврого бааланат, бул Франция 2017-жылы талапкер…
Прочитайте большеИрандын жаңы президентинин инаугурациясы 30-июлда болот
Өткөн аптада Ирандын президенти болуп шайланган Масуд Пезешкяндын инаугурациясы 30-июлда болот. Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи билдирди. “Президент Масуд Мезикияндын ант берүү аземи шейшемби күнү, 30-июлда болот”, – деп билдирди Юсуфи. Анын айтымында, инаугурацияга чейин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи шайланган президентти бекитүү боюнча жарлыкка кол коюу аземи дагы өтүшү керек. Юсуфи белгилегендей, мыйзам боюнча, инаугурация аземи Жогорку соттун төрагасынын, сот бийлигинин башчысынын, Конституцияны сактоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башка жогорку даражалуу аткаминерлердин жана аскер…
Прочитайте больше