Өткөн жуманын аягында, тактап айтканда, 14-июлда, акыркы айлардын эң чуулгандуу окуяларынын бири болгон – АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын Пенсильвания штатында шайлоо алдындагы сүйлөп жаткан учурунда, анын өмүрүнө кол салуу аракети болду. Экс-президент сөз сүйлөп жаткан маалда ага карата ок атылып, ал жерге чогулгандарды эле дүрбөлөңгө салбастан, дүйнө жүзүндө көп талкууланган темага айланды. Бул иш-чарага катышкандардан бир адам каза болуп, экөө жаракат алганы белгилүү болду. Ошентип бул кол салууда Трамп өзү жеңил жараат алды. Бул…
Прочитайте большеMonth: July 2024
Евробиримдик Ооганстандагы дипломатиялык миссияларын кайрадан баштоону карап жатат
Учурда европалык бир катар мамлекеттер Ооганстан менен дипломатиялык мамилесин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Бул өлкөнүн азыркы өкмөтүн кыйыр түрдө таануу катары каралышы мүмкүн, деп жазат Bloomberg. Аталган басылманын берген маалыматтары боюнча, Брюсселдеги дипломатиялык булактар Ооганстанда элчиликтерди кайра ачуу зарылдыгы жаралганын белгилешүүдө. Андагы негизги максаттар – аялдардын укугун коргоо жана аймактагы стратегиялык позицияларды бекемдөө болуп саналаарын көрсөтүшүүдө. Учурда өлкөдө Евробиримдиктин гана өкүлчүлүгү иштеп жатат. Бул маселеде Италия жана Испания активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Италиянын тышкы иштер министри…
Прочитайте большеКүндө эң чоң жарылуу болду
2024-жылдын жай айларында Күндө эң күчтүү жарылуу болуп, ага эксперттер эң жогорку X баллын коюшту. Бул тууралуу 16-июлда Россия Илимдер академиясынын Күн астрономиясы лабораториясы билдирди. “От бул циклдеги рекорддук окуядан (14-майда болгон X8.7 оту) болжол менен төрт эсе алсыз, бирок ошентсе да бүткүл жай мезгилиндеги Күндөгү эң чоң окуя болуп калды”, – деп айтылат лабораториянын сайтында. Белгиленгендей, күндүн активдүүлүгү 12-июлдан тарта байкалаарлык жогорулай баштаган. Ошентип, акыркы төрт күндүн ичинде төртүнчү деңгээлдеги күндүн активдүүлүгүнүн ондон ашык…
Прочитайте большеИран Трампка кол салуу аракетине катыштыгы бар деген дооматтарды четке какты
Иран Дональд Трампты Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири, генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүндөгү ролу үчүн жоопко тартууга чечкиндүү, бирок Тегерандын жакында Трампка кол салуу аракетине тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани билдирди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы генерал Сулеймани 2020-жылдын 3-январында АКШнын Багдаддагы аба соккуларында өлтүрүлгөн. Генерал Сулеймани АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын буйругу менен жок кылынган. Буга чейин CNN телеканалы маалымдар булактарына…
Прочитайте большеГермания 2025-жылы Украинага аскердик жардамды эки эсе кыскартууну пландоодо
Германия 2025-жылы Украинага аскердик жардам көрсөтүү үчүн төрт миллиард евро бөлөт. Бул быйылкыга салыштырмалуу эки эсе аз, деп билдирет Рейтер агенттиги Германиянын өкмөтү даярдаган бюджеттин долбооруна таянып. 5-июлда Германиянын башкаруучу партиялары өлкөнүн 2025-жылга карата федералдык бюджети боюнча макулдашууга жетишкени кабарланган. Deutsche Welle жазгандай, социалдык чыгымдардын тегерегинде бир топ пикир келишпестиктер болгон. Өкмөт ошондой эле салык кирешесинин жетишсиздигинен пайда болгон 10 миллиард евролук “таңкыстыкты” кантип жабуу маселесин чечүүгө аракет кылгн. 2024-жылдын февраль айынын башында ЕБ өлкөлөрү…
Прочитайте большеВиртуалдык дүйнөнүн кылмышкерлери электрондук капчыктан акчаны кантип уурдашат?
Интернет глобалдык маалыматтык-коммуникациялык тармак болуп саналгандыктан учурда маалыматтык технологияларды колдонууга байланыштуу кылмыштардын кескин өсүшүнө шарт түзүүдө. Себеби, виртуалдык дүйнөнүн кылмышкерлери учурда ватсап тиркемелери аркылуу коомчулукка шилтемелерди жөнөтүп же түз чалуу аркылуу ар кандай айла- амалдарды колдонуп, электрондук капчыктагы акчаларды уурдап кетип жатышат. Бул санариптик технологиянын өнүгүшу менен катар эле көйгөйгө айланды. Буга Ички иштер министрлиги да көңүл буруп, жарандарды алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн сак болушу керектигин эскертип, алдоонун айрым ыкмаларына токтолуп, төмөндөгүдөй билдирүү жасады….
Прочитайте большеЕгипетте археологдор суу астынан фараондордун сүрөттөрүн табышты. Сүрөт
Ачылыш Асуандагы Нил дарыясында суу астында биринчи жолу жасалган фотоархеологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жасалды. Археологдор Египеттин түштүгүндөгү Асуан провинциясында суу астынан Жаңы жана Кеч Падышалыктын бир нече фараондорунун сүрөттөрүн табышканын өлкөнүн Туризм жана байыркы эстеликтер министрлиги билдигенин РИА Новости агенттиги жазды. “Египет-француз биргелешкен археологиялык миссиясы Аменхотеп III, Тутмос IV, Псамметих II жана Апрус фараондорунун жазууларын жана анча чоң эмес сүрөттөрүн табышты”, — деп айтылат маалыматта. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, ачылыш Асуандагы Нил дарыясында суу астында биринчи жолу…
Прочитайте большеМирзиёев Ирандын жаңы президенти Пезешкиан менен сүйлөштү — эмне талкууланды?
Эки өлкөнүн лидерлери көп тармактуу кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Иран Ислам Республикасынын жакында шайланган президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди Өзбекстандын лидеринин басма сөз кызматы. Өзбек лидери ирандык кесиптешин акыркы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, мындай жооптуу мамлекеттик кызматта чоң ийгиликтерди каалады. Тараптар өзбек-иран мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, соода, инвестиция жана транспорт тармагында практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Алар акыркы жылдарда соода жүгүртүүнүн жана жүк ташуулардын көлөмүнүн, биргелешкен долбоорлордун жана ишканалардын…
Прочитайте большеЛавров БУУда АКШны Украина менен Газадагы жаңжалдын катышуучусу деп атады
АКШнын Израилге курал-жарак жеткирүүсү аларды Украинадагы кырдаалдай эле андагы жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу кылат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости агенттиги жазды. “Вашингтон курал-жарак жана ок-дарыларды берүү менен Украинадагы кырдаалдагыдай эле жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болуп калганын баарына түшүнүктүү”, – деп баса белгиледи ал. Министрдин айтымында, эгер Вашингтон Тель-Авивди колдоону токтотсо, Газадагы кан төгүү токтойт. Бирок, Кошмо Штаттар муну каалабайт же токтото алышпайт. Тышкы иштер министри кошумчалагандай,…
Прочитайте большеДональд Трампты аткан Томас Крукс ким болгон?
ФБР Пенсильвания штатынын Батлер шаарында шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трампты аткан адам 20 жаштагы Томас Мэттью Крукс экенин жарыялады. Ал ата-энеси менен тынч шаар четинде жашаган жана Республикалык партиянын тарапкери болгон. Ок Трамптын кулагына тийген – аны аткан адам чогулгандарга бир нече ок атып, бирөөнү өлтүрүп, дагы эки адамды оор жарадар кылган. Аны мурдагы президент катары жана президенттикке расмий талапкер катары Трампты кайтарган Жашыруун кызматтын офицерлери атып салышкан, деп билдирет Би-Би-Си. Томас Крукстун жанында эч…
Прочитайте большеИрандын жаңы президенти Газада ок атууну токтотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада берди
Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкян биринчи кезекте Газа тилкесинде туруктуу ок атышпоого жетишүү үчүн араб өлкөлөрүн кызматташууга чакырууга жана бардык саясий рычагдарды колдонууга убада берди. Бул тууралуу Ирандын жаңы президенти “Tehran times” басылмасында жарык көргөн “Менин жаңы дүйнөгө билдирүүм” деген макаласында билдирди. “Менин администрациям биринчи кадам катары Газада кыргындарды токтотуу жана чыр-чатактын жайылышына жол бербөө үчүн туруктуу ок атышпоого артыкчылык берүү үчүн биздин араб кошуналарыбызды кызматташууга чакырат жана бардык саясий жана дипломатиялык рычагдарды колдонот”,…
Прочитайте большеСирияда парламентке шайлоо өтүп жатат
Бүгүн, 15-июлда Сирияда элдик кеңешке (парламентке) шайлоо өтүп жатат. 8 миңден ашуун шайлоо участкалары Дамаск жана башка шаарларда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды. Сириянын президенти Башар Асад парламенттик шайлоодо добуш бергенин, анын кеңсесинен билдиришти. “Президент Башар Асад Дамасктагы шайлоо участкаларынын биринде Элдик кеңештин мүчөлөрүн шайлоодо добуш берди”, – деп айтылат билдирүүдө. Шайлоону көзөмөлдөө боюнча Жогорку Соттук комитет (Шайлоо комитети) билдиргендей, 250 депутаттык орун үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан 1516 талапкер ат салышууда. Божомолдор боюнча, парламенттин курамы добуш…
Прочитайте большеБразилия, Иран, Түркияда элдин саны көбөйүп, Босния, Герцеговина, Литвада азаятДүйнө
БУУнун эксперттери иммиграция дүйнөнүн 52 өлкөсүндө калктын санынын өсүү факторлорунун бири болорун өзгөчө баса белгилешет. БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти (DESA) дүйнө калкы кийинки 60 жылда өсүүнү улантып, 2080-жылдардын ортосуна чейин 10,3 миллиардга жетет деп билдирди. «Дүйнө калкынын өсүшү дагы 50-60 жыл бою уланып, 2024-жылдагы 8,2 миллиарддан 1980-жылдардын ортосуна чейин 10,3 миллиардга жетет деп күтүлүүдө. Дүйнө калкынын саны өсүүнүн чокусуна жеткенден кийин кайра төмөндөй баштайт, акырындык менен кылымдын аягына чейин 10,2 миллиард адамга…
Прочитайте большеБУУда Кыргызстан сунуштаган адам укуктары боюнча резолюция кабыл алынды
Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши (АУК) Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча улуттук кеңешчилери институтун колдоо максатында демилгелеген жана алдыга койгон резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин малыматы боюнча, бул резолюциянын максаты чакан жана же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттерге адам укуктары чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртуу жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү үчүн улуттук кеңешчилер институтун бекемдөө аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Омар…
Прочитайте большеФутбол: Кыргызстанда өткөн CAFA – U-20 турниринде Иран чемпион болду. Сүрөт
12-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда өткөн Борбор Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалында Ирандын курама командасы биринчи орунду жеңип, чемпион аталды. Алар Кыргызстан менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишти камсыз кылышты. Бул турнирде Кыргызстандын курамасы күмүш медалга (экинчи орунга) ээ болду. Ал эми ушул эле күнү Өзбекстан менен Тажикстандын курамалары беттешип, 3:0 эсебинде Өзбекстан жеңип, үчүнчү орунда ээледи. Ошентип төртүнчү орунду Тажикстан алса, Ооганстан бешинчи, Түркмөнстан алтынчы орунду камсыздашты. Финалдык беттештен кийин масштабдуу жабылуу аземи салтанаттуу…
Прочитайте больше