Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру 28-майда өтөт. Анын алдында Özdemir Araştırma борбору элдин пикирин сураштырды.
Сурамжылоо Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоганды экинчи турда шайлоочулардын 54%дан ашыгы колдоого даяр экенин көрсөттү.
18-22-май күндөрү жүргүзүлгөн изилдөөгө дээрлик алты миң адам катышкан.«Режеп Тайып Эрдоганга шайлоочулардын 54,12%ы, Кемал Кылычдароглуга 45,88%ы добуш берүүгө даяр», — деп билдирди борбор Twitter баракчасынан.28-майга белгиленген шайлоодо талапкерлер добуштардын 50%дан ашыгын алышы керек. 20-майда Түркиянын чет элдик өкүлчүлүктөрүндө жана чек ара бекеттеринде добуш берүү башталды.
Белгилей кетсек, Özdemir Araştırma борбору шайлоонун биринчи турунун алдында да сурамжылоо жүргүзүп, шайлоонун жыйынтыгын так божомолдогон: Эрдоган үчүн 48,4%, анын атаандашы үчүн 45,2%.
14-майда өткөн шайлоонун биринчи турунда бюллетендердин 100%ын саноодон кийин Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,24%ын, ал эми анын атаандашы Кылычдароглу 45%ын алган.
Кечээ, 22-майда Түркиянын “Ata” альянсынан президенттикке мурдагы талапкер Синан Оган 28-майда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи турунда Эрдоганды колдой турганын жарыялап, өзүнүн тарапташтарын Эрдоганды колдоого чакырган. Оган добуштардын 5,17%ын алган болчу.