Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү белгиленди

Иранда президент Ибрахим Раиси каза болгондон кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленди.

Талапкерлерди каттоо 30-майдан 3-июнга чейин жүргүзүлөт. Шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт.

Авиакырсыктан каза болгон президент Ибрахим Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн.

Ирандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Жаңы президентти шайлоо 50 күн ичинде уюштурушу керек.

Президенттик шайлоо өткөрүү күнү дүйшөмбү күнү өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын башчыларынын өкмөт үйүндө өткөн жыйынында белгиленди.

Ага президенттин милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер, сот бийлигинин башчысы Голям Хосейн Мохсени-Эджеи, Ислам кеңешинин спикери Мохаммад Бакер Калибаф жана башка жетекчилер катышкан.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бараткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн.

20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.

Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев  менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.

Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар болгон жок.

Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.

Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.

Комментарий жиберүү