Сауд Аравия 13 жылдан бери биринчи жолу Сирияга элчи дайындады

Сауд Аравия Сирияга элчи дайындаганын саудиялык расмий кабар агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы элчи Фейсал Аль-​Муджфель болот.

Сауд Аравия 2011-жылы Сирияда согуш башталганда бул өлкө менен дипломатиялык мамилесин үзүп, Дамасктагы дипөкүлчүлүгүн жаап салган.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер былтыртан баштап жылый баштаган. 23-мартта Сирия менен Сауд Аравия 2012-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндө жабылган элчиликтерин кайра ачууга макул болгону белгилүү болгон.

12-апрелде Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Микдад саудиялык кесиптеши Фейсал бин Фархан менен жолугушуу үчүн Сауд Арабияга учуп барган. Падышалыкка болгон бул сапар акыркы 12 жылдагы биринчи жолу болгон. Жолугушуунун максаты «эки боордош өлкөнүн ортосунда эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча» сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болгон.

Андан көп өтпөй Сауда Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал бен Фархан Аль-Сауд Сирияга сапары менен барган. Анын алкагында, саудиялык министри Сириянын президенти Башар Асад жана сириялык кесиптеши менен жолугушкан.

Учурда бир катар араб өлкөлөрү Сирияны Араб Лигасына кайтаруу аракетин көрүүдө.

Комментарий жиберүү