Израилдин ракетасына жазуу калтырган Никки Хейли сынга кабылды

АКШнын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли израилдик снарядка жазуу калтырганы үчүн  социалдык тармактарда сынга кабылды, деп жазат Newsweek.

Ал ушул жумада Израилдин түштүк конуштарына барып, израилдик армияга колдоо көрсөтүү максатында снаряддын бетине жазуу калтырган.

Саясатчы снаряддын бетине “Аларды жок кылгыла! (finish them) Америка (сүйүүнүн символу катары жүрөктүн сүрөтү) Израиль. Түбөлүккө” деп жазган.

Анын сүрөттөрүн Израилдин Кнессетинин (парламент) Ликуд партиясынын депутаты Дани Данон X социалдык тармагына жайгаштырган.

«Израилдин артиллериялык снаряддарындагы (Хейлинин – ред.) төрт сөздөн турган жазуусу бар сүрөттөрү  социалдык тармактарга тарап, нааразычылыктарды жаратты», — деп белгилейт Newsweek.басылмасы.

Палестиналык ХАМАС кыймылынын өкүлү Бассем Наим Newsweek менен болгон маегинде Хейлинин бул жоругуна комментарий берип, “саясий карьерасын курмандыктардын калдыктарынан куруп жаткандар кандай адамдар?” деген суроо салды.

Өз кезегинде, Израилдин “Бирге турабыз” уюмунун тең ээси Алон Ли Грин Хейлинин кылыгын жийиркеничтүү деп атады.

Ал эми америкалык активист Омар Сулейман аны “моралдык бузукулук” деп мүнөздөдү.

Анын айтымында, “америкалыктар Израиль Газа тилкесин тирүүлөй өрттөп жатканын көрүп турган учурда”, саясатчы “жай тургундардын үстүнө түшкөн бомбаларга сүйүү каттарын жазып жүрөт”.

Комментарий жиберүү