Словения Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныды

Словения өкмөтү Палестинанын көз карандысыздыгын жана эгемендигин тааныганын жарыялады, деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактагы расмий билдирүүсүндө.

Палестинанын көз карандысыздыгын таануу Словениянын Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга жана израилдик барымтадагыларды бошотууга жетишүү аракети менен дал келет, деп билдирди министрлик. Чечимди эми өлкөнүн Улуттук ассамблеясы бекитиши керек.

22-майда Норвегиянын, Ирландиянын жана Испаниянын бийликтери көз карандысыз Палестина мамлекетин тааныганын жарыялашкан. Бул өлкөлөрдүн чечимдери 28-майда күчүнө кирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул билдирүүлөрдү “террордун сыйлыгы” деп атады. Анын пикиринде, Палестинанын көз карандысыздыгын таануу Тель-Авивдин ХАМАСтын үстүнөн жеңишке жетишине тоскоол болууда.

Учурда Палестинанын көз карандысыздыгын 140тан ашык мамлекет, анын ичинде Орусия, Кытай жана Түркия тааныган.

Комментарий жиберүү