Ташкентте ШКУнун форуму өтөт

Ушул жылдын 5-июнунда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун форумунун XIX-жыйыны өтөт. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары жазды.

Иш-чараны Президенттин алдындагы Стратегиялык жана аймактар ​​аралык изилдөөлөр институту уюштурууда.

Форум “Жаңы шарттардагы ШКУнун ролу: жалпы коопсуздук, стабилдүүлүк жана гүлдөп өнүгүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү” деген тема өткөрүлөт.

Анын ишине 10 өлкөдөн 40тан ашык эксперттер, анын ичинде ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн улуттук илимий борборлорунун өкүлчүлүк делегациясы, байкоочу мамлекеттердин адистери жана ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөр, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин жетекчилиги катышат.

Иш-чаранын күн тартибинде төмөнкү үч негизги сессияны талкуулоо камтылган: ШКУнун алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына, өнүгүүнүн азыркы этабында ШКУнун натыйжалуулугун жогорулатууга жана ШКУ Форумунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн мындан аркы перспективаларына арналган.

Форумдун жыйынтыгы боюнча иш-чаранын күн тартиби боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамилесин жана көз карашын чагылдырган жыйындын Протоколго кол коюу пландаштырылууда.

Комментарий жиберүү