Россия, Кытай жана Иран Батышты Тегеран менен өзөктүк келишимди калыбына келтирүүгө чакырды

Москва, Тегеран жана Пекин Батыш өлкөлөрү өзөктүк келишимди калыбына келтирүүгө кадам таштай турган мезгил жеткенине ишенет, буга Россия, Кытай жана Иран даяр.

Бул тууралуу үч өлкөнүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңешинин алтынчы жыйынынын күн тартибинин алкагында жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

«Кытай Эл Республикасы, Иран Ислам Республикасы жана Россия Федерациясы Батыш өлкөлөрү үчүн саясий эрк көрсөтүүгө, эскалациянын чексиз айлампасынан карманууга… жана өзөктүк келешимди калыбына келтирүү үчүн зарыл кадамды жасоого мезгил жеткенине ишенет. Буга Кытай Эл Республикасы, Иран Ислам Республикасы жана Россия Федерациясы даяр», – деп үч өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын Tasnim агенттиги келтирет.

Ошондой эле биргелешкен билдирүүдө алардын өзөктүк келишимди колдоосу 2018-жылы АКШ келишимден мыйзамсыз жана бир тараптуу чыгып кеткенден бери өзгөрүүсүз калганы жана бир тараптуу мыйзамсыз санкцияларды киргизүү жана Иранга максималдуу басым жасоо саясатын ишке ашыруу бул келишим үчүн бурулуш учур болуп калганы айтылат.

Эске салсак, 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.

АКШнын азыркы лидери Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Россия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, ал бир нече раунддан кийин 2022-жылдын ноябрында жыйынтыксыз аяктаган.

Комментарий жиберүү