Путин Пезешкианды Ирандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Масуд Пезешкянга Ирандын президенти болуп шайланышына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Тиешелүү телеграмма Кремлдин сайтында жарыяланды.

«Урматтуу Пезешкян мырза, Иран Ислам Республикасынын Президенти болуп шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Орус-иран мамилелери достук жана жакшы коңшулаштык мүнөздө. Москва менен Тегеран эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү боюнча аракеттерди натыйжалуу координациялоодо», — деп айтылат телеграммада.

Путин Пезешкяндын ишмердүүлүгү Россия менен Ирандын элдеринин жыргалчылыгы жана  аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү жеңилдетүү кызыкчылыгындаүчүн бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө салым кошоруна ишенерин билдирди.

«Сизге ийгилик, чың ден соолук жана бакубатчылык каалайм», – деп кошумчалады Путин.

Буга чейин Ирандын шайлоо комиссиясынын башчысы Мохсен Эслами реформачыл саясатчы Масуд Пезешкиан Ирандагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда 16 миллион 384 миң 403 добуш алып, жеңишке жеткенин жарыялаган.

Анын атаандашы, консерваторлор канатынын өкүлү Саид Жалили 13 миллион 538 миң 179 добуш алды.

Эсламинин айтымында, жалпысынан 30 миллион 573 миң 931 добуш саналып, добуш берүүгө шайлоочулардын 49,8%ы катышты.

Комментарий жиберүү