Николас Мадуро Венесуэладагы шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды: дүйнөдөгү реакция

Республикадагы шайлоодо Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро жеңип чыкты. Ал үчүнчү жолу алты жылдык мөөнөткө шайланды.

Оппозициянын билдирүүсү

Венесуэла оппозициясынын лидерлеринин бири Корина Мачадо президенттикке талапкер Эдмундо Гонсалестин командасы анын шайлоодогу жеңилгенин тааныбай турганын билдирди.

Оппозициялык күчтөрдүн праймериздерин жеңип, бирок мурда сот тарабынан саясий укуктарынан ажыратылгандыктан шайлоого катышпаган Мачадонун айтымында, Мадуронун каршылаштары жарыяланган жыйынтыкка нааразылык билдирүүгө аракет кылышат.

Дүйнөдөгү реакция

Аргентинанын президенти Хавьер Майли анын өлкөсү Николас Мадуронун жеңишин тааныбай турганын, анткени добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча оппозиция лидери Эдмундо Гонсалести лидер деп эсептей турганын билдирди.

Чилинин өкмөтү Венесуэладагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык байкоочулар тастыктамайынча тааныбайт, деп билдирди тышкы иштер министри Альберто ван Клаверен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Венесуэланын бийликтери жарыялаган президенттик шайлоонун жыйынтыктары “элдин эркин чагылдырбайт” деп “олуттуу тынчсыздануу менен” билдирди.

Перунун бийликтери Венесуэладагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты, деп билдирди тышкы иштер министри Хавьер Гонсалес-Олаече. Өлкө ошондой эле консультациялар үчүн өзүнүн элчисин чакыртып алды.

Боливия, Гондурас, Куба жана Никарагуа сыяктуу бир нече өлкөлөр Николас Мадурону жеңиши менен куттуктады.

Венесуэланын тышкы иштер министрлигинин билдируусу

Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги Латын Америкасынын тогуз өлкөсү шайлоого кийлигишүүгө аракет кылганын билдирди. Департаменттин билдирүүсүндө, Аргентина, Гватемала, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Панама, Парагвай, Перу, Уругвай жана Эквадор өкмөттөрү “элдин тынч өз эркин билдирүүсүн бурмалоого аракет кылып жатышат”.

Аргентина, Коста-Рика, Панама, Парагвай, Перу жана Уругвайдын тышкы иштер министрликтери буга чейин биргелешкен билдирүү жасап, Каракасты “добуштарды эсептөө процессин ачык-айкын жүргүзүүгө” чакырышкан.

Москванын реакциясы

Орусиянын Боливар Республикасындагы элчиси Сергей Мелик-Багдасаро “Николас Мадуронун шайлоодогу ишенимдүү жеңиши” орус-венесуэла стратегиялык өнөктөштүгүнүн мындан ары ар тараптуу бекемделишине ишенүүгө мүмкүндүк берет деп билдирди.

Эске сала кетсек, Николас Мадуро Венесуэладагы шайлоо участкаларынын 80%ында жеңүүчү деп табылган.

Комментарий жиберүү