Түркия бир убакта Ливия менен Тоолуу Карабахка кандай кирсе, Израилге да ошондой кириши мүмкүн.
Бул тууралуу түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Ризе башкаруучу партиянын Ризе провинциясындагы бөлүмүнүн жыйынында билдирип, анын сөзү жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөнүн РИА Новости агенттиги жазды.
Ал Түркиянын коргонуу өнөр жайынын жетишкендиктерин белгилеп, бирок эгер алар мындан да кубаттуу болсо Израиль “Палестинага азыр жасаган ишин кылмак эмес” деди.
Эрдоган Түркиянын коргонуу өнөр жайынын жетишкендиктерин белгилеп, бирок, эгер алар мындан да кубаттуу болгондо, Израиль Палестинага кылганды кылмак эмес деди.
“Биз күчтүү болушубуз керек. Карабахка киргендей, Ливияга киргендей, аларга да (Израилге – ред.) ошондой кылабыз. Биз жасай албаган эч нерсе жок”, – деди ал.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катц Эрдогандын эскертүүсүнө жооп берип, Эрдоган Иракты 1979-2003-жылдары башкарып, 2006-жылы өлүм жазасына тартылган Саддам Хусейндин тагдырын кайталашы мүмкүн экенин айтты.
“Эрдоган Саддам Хусейндин жолун жолдоп, Израилге кол салам деп коркутууда. Ал жерде эмне болгонун, эмне менен аяктаганын ага жөн гана эстетип коелу”, – деп жазган Катц X (мурдагы Twitter) баракчасына.
2020-жылдын январында Түркия парламенти биринчи жолу Ливияга аскерий контингент жөнөтүүгө уруксат берген. Андан кийин мандат 2022-жылдын июлуна чейин, ал эми ушул жылдын январынан баштап дагы 24 айга узартылган. Буга чейин Анкара бул ишмердүүлүк БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилеген.
2020-жылдын күзүндө Түркия Экинчи Карабах согушунда Азербайжанга колдоо көрсөткөн.
Анкара Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги аракеттерин башынан эле айыптап, аны палестиналык жарандарды кыргынга учураткан деп айыптап келет. Ал бир нече жолу ок атышууну токтотууга чакырып, ошондой эле жөөт мамлекетине кысым көрсөткөн.
Тактап айтканда, май айынын башында Түркиянын Соода министрлиги Израиль менен соодасын толук токтоткондугун билдирген. Анын алдында Анкара товарлардын 54 чакан тобунун экспортун чектеген, бирок Израилдин аскерлери Газадагы согушту уланта берген.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дүйнө коомчулугунун сынына алынып келет. Алсак, өткөн аптада АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзү Капитолийдеги согушка каршы нааразылык акцияларын жаратып гана эмес, түрк саясатчыларынын, анын ичинде Эрдогандын реакциясын жараткан. Түрк лидери Израилдин министрлер кабинетинин башчысын “колунда Газанын 150 миң тургунунун каны бар” касапчы деп атаган.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин анклавга жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашты, 89,8 миңден ашуун адам жараат алды.