Ирандын мурдагы ТИМ башчысы стратегиялык маселелер боюнча вице-президент болуп дайындалды

Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жаңы шайланган президент Масуд Пезешкяндын жарлыгы менен ислам республикасынын стратегиялык маселелер боюнча вице-президенти болуп дайындалды.

Пезешкяндын тиешелүү жарлыгын анын администрациясы жарыялады.

“Мохаммад Жавад Зариф президенттин стратегиялык орун басары болуп дайындалсын”, — деп айтылат жарлыкта.

Мохаммад Жавад Зариф 2013-2021-жылдары Ирандын тышкы иштер министри болуп иштеген.

Пезешкяндын шайлоо өнөктүгү учурунда Зариф анын негизги колдоочуларынын бири болгон жана тышкы саясат боюнча кеңешчиси болгон.

Пезешкяндын жеңишинен кийин экс-министр жаңы өкмөттү түзүү боюнча консультативдик комитетти жетектеген. Ал кабинетке талапкерлерди тандоо, ички саясаттын түрдүү багыттары боюнча бир катар комитеттерди түзүү үчүн жооптуу болгон.

Авиакырсыктан каза болгон маркум президент Ибрахим Раисиге чейин Ирандын президенти болгон Хасан Роуханинин администрациясында Зариф Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди иштеп чыгууга жана түзүүгө активдүү катышкан. Пезешкян шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Зариф жаңы президент Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин Пезешкян Мохаммад Реза Арефти биринчи вице-президент, Мохсен Хажи Мирзаини өз администрациясынын башчысы кылып дайындаган.

Ошондой эле Пезешкяндын жарлыгы менен Мохаммад-Жаафар Каем Панах канцелярия иштери боюнча экинчи вице-президент болуп дайындалганы бүгүн белгилүү болду.

Ирандын шайланган президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясы 30-июлда Тегеранда Мажлистин (бир палаталуу парламент) имаратында болуп өттү. Ага 80ден ашык мамлекеттен келген жогорку даражалуу меймандар катышты.

Эске салсак, Масуд Пезешкиан Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңип чыккан. 69 жаштагы Пезешкиан атаандашы Саид Жалилини 53,7% добуш менен утуп алган. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү