Европанын үч өлкөсү Ирандан Израилге кол салбоосун суранды

Франция, Германия жана Британиянын лидерлери биргелешкен билдирүү жасап, Иранды Израилге кол салуудан карманууга чакырышты.

«Биз аймактагы чыңалуунун күчөшүнө терең тынчсызданабыз жана деэскалацияга жана аймактык стабилдүүлүккө умтулабыз. Бул контекстте жана өзгөчө, биз Иранды жана анын союздаштарын аймактык чыңалууну ого бетер курчута турган жана ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурган чабуулдардан алыс болууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Британ өкмөтүнүн веб-сайтында жарыяланган билдирүүдө, өлкөлөр Катар, Египет жана АКШдагы өнөктөштөрдүн ок атышпоо жана барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимге жетишүү үчүн талыкпас эмгегин кубатташты.

«Эч бир өлкө же мамлекет Жакынкы Чыгыштагы абалдын мындан ары курчушунан пайда көрө албайт», – деп баса белгиленет билдирүүдө.

Буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн жооптуу “террорист баскынчылар” жасаган ишине өкүнөт деп билдирген.

АКШ менен Израил Ирандын чабуулу кандай болорун билишпейт, анткени Тегеран акыркы чечимди кабыл ала элек жана өзүнүн ишенимдүү өкүлдөрү менен координациялоону аягына чыгара элек болушу мүмкүн.

Комментарий жиберүү