АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өлкөдөгү кырдаалды ал мамлекет башында турган кездеги абал менен салыштырды.
«Известия» кабарлагандай, бүгүн Республикалык партиядан президенттикке талапкер америкалыктарга кайрылып, өлкө өзүнүн тарыхынын азыркы мезгилинде төмөндөө абалында экенин белгиледи.
Саясатчы көптөн бери көрүнбөй жүргөн X социалдык тармагында биринчи жолу билдирүү жасады.
«Азыр мен президент болуп тургандагыга караганда жакшы жашап жатасызбы? Экономикабыз талкаланды. Чек араларыбыз жок кылынды. Биз кулап бараткан абалдагы элбиз”, – деп жазган Трамп постунда.