Газа тилкесинде болуп жаткан коркунучтуу апаат үчүн бардык өкмөттөр, элдер жана эл аралык уюмдар жооптуу, эгер алар керектүү чара көрбөсө, тарыхтын сотунда түбөлүк жоопко тартылып, айыпталууга татыктуу болушат.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштенр министрлигинин расмий өкүлү Насер Канани соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Канани эл аралык уюмдардын аракетсиздигинен, ислам жана араб өлкөлөрүнүн натыйжалуу аракеттерди көрбөгөндүгүнөн жана АКШнын Израиль режимине тынымсыз аскердик колдоо көрсөтүүсүнөн улам Газада каза болгон палестиндердин саны 40 миңден ашканын билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун 15 миңге чукулу балдар болсу, 10 миңге жакын палестиналыктын сөөгү урандылардын астында жатат.
Саясатчы “дүйнөдөгү уктап жаткан адамдын абийирин ойготуп, мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жетекчилери, чиновниктерди чечкиндүү чараларды көрүүгө мажбурлоо үчүн бул коркунучтуу статистика дагы деле көтөрүлүшү керек!?” деген суроо салды.
“Бул бүгүнкү күндө цивилизациялуу көрүнгөн дүйнө жана жооптуу эл аралык уюмдар жана институттар үчүн түбөлүк уят. Жалган режим (Израиль – ред.) эл аралык мыйзамдардын жана эрежелердин бардык принциптерин шылдыңдап, бүткүл дүйнөнүн көз алдында тарыхый жана тамыры бар улутту ээн-эркин жана эң жийиркеничтүү түрдө кырып-жоюу менен алектенүүдө”, – деди Канани.
Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 40 миңге жетип, жаракат алгандардын саны 92,5 миңден ашты.