Хуситтер Израилге сокку урууга “эң жогорку деңгээлде даяр” экенин билдиришти

Йемендик «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) күчтөрү Израилге сокку урууга «эң жогорку деңгээлде» даяр. Бул тууралуу хуситтер өкмөтүндөгү коргоо министри жана күчтөрдүн командири Мохаммед Насер аль-Атыфи билдирди.

“Йемендин Куралдуу Күчтөрү түрдүү түзүмдөрү менен сионисттик түзүлүштүн (Израилдин) тереңинде оор соккуларды берүүгө эң жогорку деңгээлде даяр. Биз куралдуу күчтөрдө сионисттик душмандын аймакка жана Йеменге таңуулаган чакырыктары менен күрөшүүнүн ылайыктуу жана эффективдүү ыкмаларын аныктоо боюнча так көрсөтмөлөрдү алдык”, – деди аль-Атыфи “Ансар Аллахтын” аскерий жетекчилигинин жыйынында.

Жолугушууну хуситтерге таандык Al Masirah телеканалы көрсөттү.

Анын айтымында, хусит күчтөрүнүн командачылыгы Израилдин аймагында ракеталар жана учкучсуз учактар ​​менен сокку урулушу мүмкүн болгон буталарды аныктады.

«Сионисттик душмандын кылмыштарына каршылык көрсөтүү огунан сөзсүз жооп кайтаруу жакындап келе жатканына баардыгын ишендиребиз», – деп баса белгиледи аль-Атыфи.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын жаңы курчушу Тегеранда палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания каза болгондон жана Бейрутта “Хезболла” кыймылынын аскердик канатынын командирлеринин бири Фуад Шокр жок кылынгандан кийин башталды.

Иран, ХАМАС жана Хезболла бул окуя үчүн Израилди айыптап, Хания менен Шокрдын өлтүрүлүшүн жоопсуз калтырбай турганын билдиришти. Хуситтер да Израилдин аракеттерине аскерий жооп кайтаруу зарылдыгын бир нече жолу билдиришкен.

Буга чейин Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз кызматы 25-август күнү эртең менен Хезболла кыймылынын Израилдин аймагына ракеталык сокку урууга даярдануусуна байланыштуу согуштук учактар ​​Ливандагы кыймылдын буталарына чабуул жасаганын билдирген. Израилдин коргоо министри Йоав Галант өлкөдө 48 саатка чукул кырдаал киргизилгенин жарыялаган.

Кийинчерээк Хезболла Израилди көздөй 230 ракета жана 20 дрон кое берген.

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) өкүлү Даниэль Хагари Хезболла тарабынан атылган ракеталардын көбү “Израилдин аймагына бараткан жолдо, же адам жашабаган аймакка түшкөн, же Израилдин аба күчтөрүнүн жана деңиз флотунун кемелеринин абадан коргонуу системалары тарабынан тосулуп алынганын билдирди.

Комментарий жиберүү