Израилдин чабуулдарынын натыйжасында талкаланган Газа тилкесин реконструкциялоого кеткен чыгым 80 миллиард доллардан ашышы мүмкүн деп билдирет америкалык Bloomberg агенттиги.
Маалыматка ылайык, Израилдин операциясы аяктагандан кийин Палестина анклавын калыбына келтирүү үчүн инвестициянын көлөмү кеминде 80 миллиард долларды түзөт, ал эми талкаланган имараттардын урандыларын алып чыгуу үчүн 700 миллион долларга жакын каражат керектелет.
Аймакты тазалоо процесси урандыларда снаряддардын, коркунучтуу калдыктардын жана каза болгон адамдардын сөөгү болушу менен татаалдашат. Кайра иштетилген бетондун жарымы Газа тилкесиндеги бардык жол тармагын кайра курууга жетет.
«Газада болуп жаткан нерсе – бул урбанизм тарыхында эч качан болбогон нерсе. Бул жөн эле физикалык инфраструктураны жок кылуу эмес, бул башкаруунун негизги институттарын жок кылуу», – деди Массачусетс технологиялык институтунун архитектура тарыхынын профессору Марк Жарзомбек Bloomberg агенттигине.
Калыбына келтирүүгө кеткен чыгым өтө чоң болот, деди ал. Мындай масштабдагы курулуш объектилери бош болушу керек, бул калктын жер которуусунун жаңы толкунуна