Намибия Израилге курал ташыган кемени портуна киргизбей койду

Намибиянын бийликтери Израилге курал-жарактарды ташыган “MV Kathrin” кемесин өлкөнүн аймактык сууларына киргизбей койду. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөттүк “New Era” гезити жазды.

Маалыматка караганда, Уолфиш-Бей портуна кирүүнү пландаган кемени киргизбөөнү өлкөнүн Юстиция министри Ивонна Даусаб талап кылган.

Ивонна Даусаб “New Era” гезитине берген маегинде мындай чечим Намибиянын Палестина элине көрсөткөн колдоосуна жана өлкөдөгү зомбулукту токтотуу талабына ылайык кабыл алынганын түшүндүрдү.

Африка өлкөсүнүн юстиция министри Вьетнамдан жолго чыккан “MV Kathrin” кемесинде кандай аскердик жүк болушу мүмкүн экенине токтолуп, полициянын иликтөөсүнө таянып, кеме Израилге жардыргыч заттарды алып баратканын билдирди.

Ал Намибия Израилдин согуш кылмыштарына, адамзатка каршы кылмыштарына, геноцидге жана Палестинаны мыйзамсыз басып алуусуна колдоо көрсөтпөө жана өнөктөш болбоо боюнча милдеттенмесин аткарарын баса белгиледи.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Намибиянын коңшусу жана өнөктөшү Түштүк Африка Израиль Газа тилкесинде палестиналыктарга каршы геноцид кылып жатат деп Эл аралык сотко кайрылган.

Израил Түштүк Африканын айыптоолорун четке каккан.

Комментарий жиберүү