Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль Бейруттагы ооруканага кол салганын билдирди

Израилдин аба күчтөрүнүн Бейруттун түштүгүндөгү эң ири ооруканага жасаган соккусунан кеминде 18 киши каза таап, 50дөн ашууну жараат алды, алардын көбү балдар, деп билдирди Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Израиль армиясы бута “Хезболланын” аймактагы объекти болгонун билдирди.

Дүйшөмбү күнү “Хезболла” Израилди көздөй ракета атууну улантты, алардын көбү кармалып, калгандары ачык аймактарга зыянсыз кулап түшкөн.

Шейшембиде уюм согуштук аракеттер уланып жаткан учурда Израиль менен сүйлөшүүгө барбай турганын жана туткунга түшкөн согушкерлеринин өмүрү жана ден соолугу үчүн Израилди жооптуу деп билдирди.

“Хезболла” Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун үйүнө жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алды”, – деди “Хезболланын” өкүлү Мухаммад Афиф Бейруттун түштүгүндөгү маалымат жыйынында.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге шейшемби күнү, 22-октябрда келди. Бул анын Израиль менен “ХАМАСтын” согушу башталгандан бери аймакка жасаган 11-визити. АКШ тарап өткөн аптада “Хамастын” лидери Яхья Синвар өлтүрүлгөндөн кийин ок атышууну токтотууга аракет кылууда.

Вашингтон “ХАМАСтын” 7-октябрдагы чабуулунун уюштуруучусу Яхья Синвардын өлтүрүлүшү тынчтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп үмүттөнөт, деп билдирет Би-Би-Си.

Бирок дипломаттар жана башка булактар ​​шайлоонун жыйынтыгына карабастан Израиль АКШнын жаңы администрациясы бийликке келгенге чейин өз позициясын бекемдөө үчүн аскердик өнөктүгүн тездетип жатканын айтышууда.

Комментарий жиберүү