Хаменеи: ХАМАСтын жана Хезболланын лидерлери Синвар менен Насрулланын эрдиги аймактын тагдырын өзгөрттү

Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыш ред.) каршылык фронтунун жана анын ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар менен ливандык Хезболла кыймылынын лидери Хасан Насрулла сыяктуу лидерлеринин күрөшү аймактын тагдырын өзгөрттү.

Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Фарс провинциясынын шейиттер фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Хезболла кыймылынын лидери Хасан Насрулла 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө Израилдин максаттуу аба соккуларында каза болгон.

Ал эми ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар 17-октябрда Израиль армиясынын (ЦАХАЛ) Газанын Рафах шаарында жасаган чабууоунда каза тапкан.

Хаменеи сионисттик режимдин каршылык фронтун жок кылуудагы ийгиликсиздигин баса белгилеп, аймактагы акыркы окуялар жана каршылык көрсөтүү фронтунун күрөшү аймактын тагдыры жана тарыхындагы өзгөрүүлөрдүн себеби деп атады.

Ал аймактагы Газа, Ливан жана Батыш жээктеги акыркы окуяларды тарых жаратуучулар деп атады.

“Эгерде өмүрүнүн акырына чейин согуша турган шейит Яхъя Санвар сыяктуу адамдар болбогондо же кайраттуу Сейед Хасани Насрулла сыяктуу улуу инсандар болбогондо аймактын тагдыры башкача болмок”, – деди Хаменеи.

Революциянын лидери аймактагы окуялардын азыркы жыйынтыгын сионисттик режим үчүн эле эмес, Батыштын цивилизациясы жана маданияты үчүн да чоң ийгиликсиздик деп баалады.

Ал сионисттер каршылык көрсөтүү топторун оңой эле жок кыла алабыз деп ойлошконун, бирок бүгүнкү күндө 50 миңден ашуун коргоосуз жана карапайым калктын жана каршылык көрсөтүүнүн бир нече лидерлеринин шейит болгонуна, ошондой эле АКШнын эбегейсиз суммадагы каржылык колдоосуна карабастан чоң ийгиликсиздикке туш болгонун кошумчалады.

“ХАМАС, Ислам Жихады жана Хезбулла жана башка каршылык көрсөтүү топторунун жаш жоокерлери  чечкиндүүлүк жана күч менен салгылашууда. Бул сионисттик режим үчүн чоң жеңилүү”, – деди Ирандын лидери.

Ошондой эле Хаменеи 10 миңдей бейкүнөө баланын эки тонналык бомбалар жана ар кандай курал-жарактар ​​менен кыргынга учурашы Батыштын жалганчы саясатчыларынын жүзүн ачканын, бул батыш үчүн эң чоң ийгиликсиздик экенин белгиледи.

Ал сионисттик режимдин жана аны колдогондордун алдында каршылык фронту турарын жана жеңиш ошол каршылык фронтуна таандык экенин кошумчалады.

Комментарий жиберүү