Ливандык “Хезболла” кыймылы Израилдин түндүгүндөгү оккупацияланган аймактардагы жети аскерий базасына 80ден ашык ракета жана снаряддарды атты.
Израиль армиясы ишембиде “Хезболланын” операциялары учкучсуз учактар менен ракеталык соккуларды камтыганын билдирди.
Ливандык кыймылдын билдирүүсүнө караганда, ракеталык сокку Рас-ан-Накурага жакын жерде израилдик аскерлер топтолгон жерге жасалган.
Мындан тышкары, “Хезболла” Сафадда жайгашкан Израилдин чалгындоо кызматынын түндүк округ боюнча башкы штабы болгон Мишар базасына бир катар ракеталарды учурушкан.
Башка операцияда кыймылдын жоокерлери Хайфанын түндүгүндөгү Кирьят аймагын бутага алып, Израиль басып алган жерлерге тереңирээк кире алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.
“Хезболланын” учкучсуз учактары Тель-Авивдин түштүгүндө жайгашкан Тель-Ноф авиабазасына да чабуул койгон.
Андан сырткары, Айта аш-Шааб конушунун айланасындагы Израилдин аскерий топтолгон жерлерине ракеталык чабуулдарды жасалган.
“Хезболла” ошондой эле Жал аль-Алам объектисине сокку уруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
23-сентябрда Израиль Ливандагы “Хезболла” күчтөрүнө каршы “Түндүктүн жебелери” аскердик операциясын баштап, анын жүрүшүндө уюмдун аскердик буталарына массалык сокку урууда.
1-октябрда Израиль Ливандын түштүгүндө “Хезболлага” каршы кургактан операция баштаганын жарыялап, коңшу өлкөнү абадан жана кургактан бомбалоону улантууда.
Анын кесепетинен миңден ашуун адам, анын ичинде кыймылдын лидерлери каза таап, 90 миңден ашуун адам качкын болду. “Хезболла” кыймылдагы жоготууларга карабай кургактагы салгылашууларды жүргүзүүдө жана Израилдин аймагына ракеталык чабуулдарды жасоодо.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 сааттын ичинде Ливанда Израилдин бомбалоосунан 19 адам курман болуп, 108 киши жарадар болгон. Бардыгы болуп, 2023-жылдын октябрында аскердик эскалация башталгандан бери каза болгон ливандыктардын саны 2672ге жетип, жарадар болгондор 12468ге жетти.