Аббас Аракчи: Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат

Иран Ислам Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында камтылган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык, Израилдин кылмыштуу агрессиясына тиешелүү убакта мыйзамдуу жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчинин Израилдин агрессивдүү чабуулуна байланыштуу БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Коопсуздук Кеңешинин октябрдагы төрагасы Паскаль Кристин Берисвилге жазган катында айтылат.

Анда Аракчи израилдик режимдин Иранга каршы атайылап жана агрессивдүү аракеттерин айыптады.

“Сионисттик режимдин тынымсыз жана системалуу кол салууларынын кесепеттерин эске алып, Иран Ислам Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынан жана Коопсуздук Кеңешинен катуу позицияны карманып, сионисттик режимдин бул агрессивдүү аракеттерин катуу жана эч кандай шартсыз айыптап, эл аралык укукту жана БУУнун Уставын мындай одоно бузуулар жоопсуз калбай турганын эл аралык коомчулукка көрсөтүүнү өтүнөт”, – деп айтылат министрдин катында.

Мындан тышкары, Аракчи Иран Ислам Республикасы Коопсуздук кеңешинин төрагасынан бул катаал мыйзам бузуу жана мыйзамсыз аракеттер менен күрөшүү жана бул кылмыштуу режимдин жоопко тартылышын камсыздоо үчүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйын өткөрүүнү суранды.

Ал израилдик режимдин мыйзамсыз кол салуулары эл аралык укуктун негизги принциптерин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын, өзгөчө кайсы бир өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы күч колдонууга ачык тыюу салган 2-берененин 4-пунктун бузганын билдирип, сионисттик режимдин аракеттери эл аралык тынчтык жана коопсуздукка олуттуу коркунуч келитирп жатканын белгиледи.

Буга чейин Ирандын БУУДагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ирвани да БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы (Швейцария) жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кат жолдоп, Израилдин Иранга чабуулуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү суранган.

“Иран Ислам Республикасы Коопсуздук кеңешинин төрагасынан бул олуттуу бузууларды жана мыйзамсыз аракеттерди карап чыгуу жана бул кылмыштуу режимди жоопкерчиликке тартуу үчүн шашылыш жыйын өткөрүүнү суранат”, – деп айтылган катта.

Ирвани ошондой эле Дүйнөлүк уюмдун баш катчысын жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн Израилди чабуул үчүн айыптоого чакырган.

26-октябрга караган түнү Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы бир нече аскердик объекттерге сокку урган. Ирандын абадан коргонуу системасы ракеталардын көбүн кармап, чектелүү зыян келтирилген. Натыйжада Ирандын 4 жоокери каза тапкан.

Комментарий жиберүү