Иранда бир дагы террорчу жазасыз калбайт, ал тургай Германия тарабынан колдоого алынса дагы.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ирандын жана Германиянын жарандыгы бар теги ирандык Жамшид Шармахддын мечитте теракт уюштурганы үчүн өлүм жазасына тартылышына жана ага Батыш өлкөлөрүнүн, анын ичинде Германиянын нааразычылык билдиришине комментарий берип жатып билдирди.
Буга чейин Германиянын Тышкы иштер министрлиги Иран жана Германиянын жарандыгы бар Жамшид Шармахдын өлүм жазасына тартылышына нааразылык иретинде Ирандын убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, ошондой эле Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Германиянын Тегерандагы элчисин кеңешүү үчүн чакырткан.
Жамшид Шармахд – “Тондар” (Ирандын шах ассоциациясы) террордук уюмунун лидери. Ал АКШдан Иранга каршы террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн, 2008-жылы Шираздагы мечиттердин биринде жардырууну уюштурган деген айып менен Ирандын атайын күчтөрү тарабынан 2020-жылы кармалган. Ал жардыруудан 14 киши каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алган. Иран тарабынан террордук топ деп аталган “Тондар” Иранда 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин кулатылган монархиялык системаны жактайт.
Ирандын Жогорку Соту 2023-жылы Шармахдды терроризмге айыптап, өлүм жазасына өкүм кылган. Өкүм 28-октябрда аткарылган. Аны немис бийликтери жана Евробиримдиктин өкүлдөрү айыптап чыгышкан.
Буга байланыштуу Аракчи Х соцтармактагы баракчасына билдирүү жасап, анда Германиянын паспорту эч кимге, өзгөчө террорчуга кол тийбестик бербей турганын жазды.
Ал Германиянын өкмөтүнө кайрылып, мындай деди: «Адам укуктары тууралуу эки жүздүү ураандардын артына жашынбагыла. Немис жарандары Саддамдын режимине жеткирген химиялык куралдарды унуткан жокпуз».
Аракчи Иранда бир дагы террорчу Германия тарабынан колдоого алынса да жазасыз калбай турганын айтып, террорчулукка айыпталып, өлүм жазасына тартылган Жамшид Шармахддын күнөөсү далилденгенин жана ал баарына ачык экенин баса белгиледи.
“Ирандын жараны Жамшид Шармахд ачык жана уялбастан (Хусейния) мечитке жасалган террордук чабуулду жетектеп, анын натыйжасында 14 бейкүнөө адам, анын ичинде аялдар жана балдар набыт болгон. Бул кол салуу учурунда 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Жетиштүү далилдер бар жана ал бардыгы карап чыгуусу үчүн баарына жеткиликтүү”, – деди ирандык министр.
Ал Германиянын паспорту эч кимге, өзгөчө террорчу кылмышкерге иммунитет бербей турганын баса белгиледи.
“Чындыкты жашырып, психологиялык оюндарды ойноону токтотуңуз, Анналена Бербок айым. Балдарды өлтүргөндөрдү, террорчуларды колдогонду токтоткула, адам укуктары тууралуу эки жүздүү ураандардын артына жашынбагыла. Немис жарандары Саддамдын режимине жеткирген химиялык куралдарды унуткан жокпуз”-деди Аббас Аракчи Германиянын ТИМ башчысына кайрылып.