Эрдоган: Түркия Сириядагы жаңы кырдаалга даяр

Түркия Сирияда улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын эске алуу менен аракетин улантат жана бул үчүн Орусия менен байланышта.

NTV телеканалынын маалыматына караганда, бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бразилиядагы “Топ жыйырманын” (Чоң жыйырманын) саммитинен кайтып келери менен журналисттерге билдирди.

«Биз терроризмге каршы күрөштү улантабыз. Түркия Американын Сириядан чыгышы жарата турган Сириядагы жаңы кырдаалга да, азыркы реалдуулукка да даяр. Биздин улуттук коопсуздугубуз баарынан жогору турат. Биз бул маселе боюнча Орусия менен керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен Сириядагы кырдаалды бүткүл аймактын жыргалчылыгы үчүн калыбына келтирүүгө аракет кылуудабыз», — деди Эрдоган.

Ал кошумчалагандай, «Түркия анын чегинен тышкары улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган топторго эч кандай толеранттуу эмес».

«Биз бардык маектештерибизге бул маселеде канчалык чечкиндүү экенибизди айттык. Биз бул мамилени жана максаттарыбызды так түшүндүрүп жатабыз. Сириянын түндүгү Американын колдоосу менен ПКК/ЙПГ террордук уюму тарабынан басып алынган»,-деди Эрдоган.

Комментарий жиберүү