Йемен америкалык MQ-9 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн жарыялады

Йемендин куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү өлкөнүн аба мейкиндигинде америкалык MQ-9 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

«Палестина элин жана өз эркиндиктерин коргогон жоокерлерди колдоо иретинде, АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге каршы агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде Йемендин Аскердик Аба күчтөрү Йеменде душмандык миссиясын аткарып жаткан америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын Мариб провинциясынын аба мейкиндигинде атып түшүрдү. », – деп билдирди Йемендин куралдуу күчтөрүнүн катчысы Яхья Сария. Анын айтымында, операция жергиликтүү өндүрүштөгү «жер-аба» ракетасынын жардамы менен ишке ашырылган.

Йемен армиясынын өкүлүнүн айтымында, бул акыркы 72 сааттын ичинде экинчи жолу учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлүшү жана газалыктарга колдоо көрсөтүү операциясы башталгандан бери ушул сыяктуу типтеги учкучсуз учактын он төртүнчү соккусу болду.