Иордан дарыясынын батыш жээгинде израилдиктерге каршы соңку операцияда кеминде үч киши набыт болгонун IRNA агенттиги жазды.
Израилдик маалымат каражаттары маалымдашкандай, Калкилья шаарынын чыгышында жайгашкан Аль-Фандак айылына жакын жерде өтүп бараткан автоунаадан израилдик автобусту көздөй ок атылган.
Израилдин 12-каналы кол салууда үч израилдик каза болуп, тогузу жарадар болгонун, үчөөнүн абалы оор экенин билдирди.
Белгисиз кол салуучулар окуя болгон жерден унаасы менен из жашырып кете алган.