Кытайдын түштүк-батышындагы Тибетте болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 53 кишиге жеткенин Синьхуа агенттиги Кытайдын Тибет автономиялык районунун жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча оперативдүү штабына таянуу менен билдирди.
«7-январга карата Шигадзе шаардык округунун Тингри уездинде жер титирөөнүн кесепетинен 53 адам каза болду», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Дагы 62 киши жараат алды.

Күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:05те Тибет автономиялуу облусунун Шигадзе округунун Тингри уезди аймагында катталды.

Жер титирөөдөн кийин сейсмологдор 49 афтершок титирөөнү катташкан.
“Наньфан Жибао” басылмасы белгилегендей, Тингри, Лхатзе жана Сакья уезддеринде адам өлүмү болду, миңден ашык имарат кыйрады.
Жергиликтүү өрт-куткаруу бөлүмү издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 1500дөн ашык куткаруучуну жөнөттү.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү жана курмандыктарды азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү буйруду.