Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо анын өлкөсү эч качан АКШнын 51-штаты болбой турганын айтты.
“Канада Кошмо Штаттардын бир бөлүгү болуп калат деген кенедей да мүмкүнчүлүк жок. Биздин эки өлкөнүн жумушчулары жана жамааттары бири-биринин эң чоң соода жана коопсуздук өнөктөштөрү болуудан пайда көрүшөт ”, – деп жазган Трюдо социалдык медиада.
Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли да Трамптын сунушуна каршы чыгып: «Шайланган президент Трамптын комментарийлери Канаданын кантип күчтүү өлкө болгондугун толук түшүнбөгөндүгүн көрсөтүп турат»,- деди.
«Биздин экономика күчтүү. Биздин эл күчтүү. “Биз коркунуч алдында эч качан артка чегинбейбиз»,- деди ал X социалдык тармагында.
Эске салсак, Американын болочок лидери Дональд Трамп дагы бир жолу Канада АКШ менен биригиши керек деген идеяны сунуштаган.
«Эгер Канада АКШ менен бириксе, анда тарифтер болбойт, салыктар абдан азайып, аларды тынымсыз курчап турган орусиялык жана кытайлык кемелердин коркунучунан толук корголмок. «Биз менен бириксе, бул кандай улуу эл болмок» , – деп жазган ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында,