
АКШнын Калифорния штатында токойдон чыккан өрттөн улам 6 адам каза болду. Штаттын төрт жеринде чыккан ири өрт күчөп, чектөөгө мүмкүн болбой жатат.
Лос-Анжелес округунун батышындагы токой өртү 27 миңдей киши жашаган аймакта башталган.

Өрт үч чарчы километрден ашык жерди каптаган, бирок катуу шамалдан улам тез жайылып кеткен.

Эң кыйраткыч өрт Палисейдс аймагында болду.

Өрт эки миң гектардан ашык аянтты каптап, миңге жакын имаратты күлгө айландырды.

Округдун он миңдеген тургундарын милдеттүү эвакуациялоо боюнча буйруктар чыгарылды.

Итон-Файр өртү Алтадена аймагында 10 миң гектардан ашык аянтты каптап, 13 миңге жакын имараттын коопсуздугуна коркунуч туудурууда.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Лос-Анжелестеги табигый кырсыктан келтирилген зыян 50 миллиард доллардан ашты.

Өрт Лос-Анджелес округунун тарыхында болгон эң кыйратуучу өрт деп аталды.

АКШ президенти Жо Байден Калифорния штатында күчөп жаткан өрттүн кесепетин жоюу үчүн жергиликтүү бийликке жардам берүү максатында кырсыкка каршы күрөшүү режимин жарыялады