Женевада Иран менен “европалык үчтүк” өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия жана Франция) ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдирди.
“Бүгүн Женевада Иран менен Европанын үч өлкөсүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар маселелердин бүтүндөй комплексине арналган жана эртең дагы уланат. Биз сүйлөшүүлөрдү эч качан четке каккан эмеспиз”, – деди дипломат жумалык брифингде.
Ал белгилегендей, сүйлөшүүлөр – бул эки тараптуу жол сыяктуу, анда өз ара урмат көрсөтүү жана жалпы кызыкчылыктарды эске алуу керек.
2024-жылдын 29-ноябрында Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Мажид Тахт-Раванчи жана Казем Гарибабади Женевада Улуу Британия, Германия жана Франциянын өкүлдөрү менен жолугушуп, Тегерандын өзөктүк программасын талкуулашкан. Сүйлөшүүлөр эки жылдык тыныгуудан кийин болгон.
Мындан бир жума мурун Улуу Британия, Германия, Франция жана АКШ демилгелеген Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Иранга каршы резолюциясы агенттиктин башкы директору Рафаэл Гроссинин Тегеранга иш сапарынын жыйынтыгын эске албастан кабыл алынган. Гросси Иранга 2024-жылдын 14-15-ноябрында барган. Анын сапарынын максаты өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттер планын ишке ашыруу боюнча кийинки чечимди кабыл алуу үчүн Ирандын Фордо жана Натанз шаарларындагы өзөктүк объектилерин текшерүү болгон.
Ирандын президенти Масуд Пезешкян Гросси менен сүйлөшүү учурунда Тегеран өзөктүк курал жасаган эместигин жана жасабай турганын билдирген.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.