ХАМАСтын катарына миңдеген жаңы күчтөр кошулду

Акыркы бир нече айдын ичинде палестиналык ХАМАС кыймылы 2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесинде аскердик операция жүргүзүп жаткан Израиль армиясына олуттуу коркунуч жаратып, өз катарын кыйла көбөйттү.

Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) булактарына таянып жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, күчтөр атайын аскердик даярдыкты талап кылбаган ок атуучу жана танкка каршы куралдарды колдонуу менен саналуу гана адамдардан турган чакан топтордо капыстан чабуулдарды жасашат. ХАМАС тарапкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн тамак-аш жана медициналык жардам менен камсыз кылууга убада берет, деп белгилейт гезиттин булактары.

“ХАМАСтын өз күчтөрүн калыбына келтирүү ылдамдыгы, Израилдин армиясы аларды жок кылуу ылдамдыгына караганда ылдамыраак. «[Газа тилкесиндеги кыймылдын жаңы лидери] Мохаммед Синвар бардыгына жооптуу», – деди Израил армиясынын отставкадагы генералы Амир Авиви басылмага.